ПАСХАЛЬНОЕ ПОСЛАНИЕ ЕПИСКОПА БИШКЕКСКОГО И КЫРГЫЗСТАНСКОГО ДАНИИЛА НА КЫРГЫЗСКОМ ЯЗЫКЕ

10 апреля 2015

Алгач Сөз болгон,

Сөз Кудайда болгон,

Сөз Кудай болгон.

(Ин. 1, 1).

 

Кудайды сүйгөндөр

пастырлар жана диакондор,

кудайды сүйгөн иноктор жана инокиндер,

кымбаттуу ага-инилер жана эже-карындаштар!


 

Христос тирилди!


 

Адамзат тарыхында көптөгөн улуу сырлар катылып жатат. Бирок тарыхтын эң улуу сыры жана Чиркөө сыры – Иисус Христин жашоосу, өлүмү жана кайра тирилүүсү.

Христостун туулган күнү майрамында биз Кудайдын жаралуусу, Анын адам денесине кулпуруусун эскеребиз. Кудайдын уулу, Ыйык Троицанын Экинчи Адамы күнөөсүнөн тышкары, бардык жагынан бизге окшош Адамзат Уулу болот. Ал эми Пасха майрамында биз сайраң курабыз, анткени адамзаттын каарынан улам өлгөн Адам Уулу үч күндөн соң кайра тирилет. «Ким, биздин Кудайбы?» – дейт Чиркөө. Чынында эле, Кудайдан башка кимдир бирөө Табыттан тура алабы?

Кудайдын крестте өлүшү жана өлгөндөрдүн арасынан кайра тирилүүсү бүтүндөй Библиянын түйүнү жана бүтүндөй христианчылыктын негиздемеси болот. Бул окуя менен апостолдор өздөрүнүн диний үгүтүн башташкан жана анда, катуу ташта сымал, Ыйык Аталар православ дининин улуу догматтарын негиздешкен.

Коринфяндарга карата Биринчи кайрылуусунда апостол Павел деп айтат: «Эгерде Христос тирилбесе, анда биздин үгүтүбүз да пайдасыз, биздин динибиз да пайдасыз», башкача айтканда, баары куру бекер, негизсиз.

Чынында, эгерде Христо тирилбесе, анда Ал адамзат үчүн улуу, такыба же ыйык Окутуучу-насаатчы бойдон калмак, андайлар миңдеп саналат. Бирок Ал биз үчүн Баарынан күчтүү Кудай жана Асмандагы Ата болмок эмес. Бирок адамзат ар бир жазда баштан кечирген ыйык пасха түнү, Кудай табыттан өлүмдү Жеңүүчү болуп чагат, жана ушул мүнөттөн тартып Ал биздин Такыба Окутуучусуз гана эмес, Баарынан күчтүү Кудай болот. Адамзаттын бузулган уругун жеңип, адам үчүн Өзүнө Өзүн курмандыкка чалып, Кудай тирилет, болбосо Өлбөстүн өлүмүн кармаганга мүмкүн эмес. Бул ыйык чындыкты эки миң жыл аралыгында христиан Чиркөөсү өзүнүн пастырлары аркылуу ырастап келет.

«Пасха» – бул аталыш еврейлердин «песах» сөзүнөн келип чыгат, башкача айтканда «башталыш», «арылуу» же «бошонуу» дегенди туюндурат. Эски Пасха майрамы израилдиктердин Египеттен чыгуусу жана кудай сүйгөн элдин азаптуу жана ал жеткис кулчулуктан арылуусу жөнүндө эскерүү болгон.

Жаңы Христ Пасхасы байыркыны, эскини алмаштырды. Пасханы майрамдоо менен, христиандар да кулчулуктан, бирок руханий – күнөөлөр кулчулугунан арылууну белгилешет. Бул күнөөдөн арылууну жана Кудай Иссус Христос өлүмү өлгөндөрдүн арасынан Өзүнүн Тирилүүсү менен жынысынан, курагынан жана улутунан айырмасы жок, биздин планетанын бардык адамдарына тартуулады.

Андан бери жана биздин күндөргө чейин Тирилген Куткаруучу жөнүндө үгүт Христос Чиркөөсүндө токтогон жок жана эч качан токтобойт. Эки миң жыл мурда Тирилген Хрис жөнүндө бул жаңылык жагымдуу жел сымал, уктап жаткан антика дүйнөсүнө кирип жана адамдарда күч-кубатты жана жашоого дем берип, аларга үмүт алып келди.

Мындай күч-кубат жана мындай жашоо мурдагыдай эле Христ Чиркөөсүндө өкүм сүрүп жатат жана анын ичине толуп турат. Ал чиркөө эмгекчилерин Христос наамына эмгек кылууга дем берет, ал эми Кудай бул эмгекке батасын берет.

Биздин епархияда дагы кыркка жакын Чиркөө коомдорунда отуздан ашык дин кызматчылары жана диакондор пастырдык эмгегин акырын өтөп жатышат. Ар бир Чиркөө коомунда чиркөө жардамчылары, эмгекчилер: регенттер жана ырчылар, миссионерлер жана мугалимдер, алтарчылар жана окугучтар, шамчылар жана ашпозчулар, чарба башчылары жана техничкалар иштеп жатышат. Мунун баары боло турган нерседей, бирок бул тынч, байкалбаган эмгек миңдеген кыргызстандыктарга храмдарда сыйынуу, өздөрүнүн үмүттөрүнө жана муктаждыктарына Кудайдан жооп алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Мындай жалпы сыйынуу аркылуу Кудай батасын берет жана бүтүндөй мамлекеттерди сактайт. Ушундай сыйынуулар аркылуу Кулай биздин өлкөгө тынчтык тартуулайт.

Епархия сыйынуу менен гана жашабайт. Азыркы учурда беш жалпы билим берүүчү мектептер иштеп жатат, аларда балдар билим берүүнүн толук кандуу стандартын, ошондой эле биздин диндин рухунда тарбияны алышат. Бишкек шаарында православ гиназия-комплексин куруу жөнүндө маселе чечилип жатат. «Асанбай» кичирайонунда ыйык апостолго тең ыйык князь Владимирдин храмы курулууда. Ыйык-Воскресенск кафедралык соборун реконструкиялоо башталды, ал Пасха майрамында дагы бардык сыйынуучуларды храмга батырууну шарттайт.

Өлкөдө тынчтыкты сактоо жана бекемдөө үчүн Ислам дүйнөсү менен жакшы мамилелерди өнүктүрүү зор мааниге ээ. Биздин епархияга 140 жылдан ашты. Бул жылдар аралыгында өлкө үчүн салттуу болгон диндер – Православ жана Ислам – жакшы коңшулуктун, ынтыкмактуу жашоонун үлгүсү болуп саналат.

Кылымдар жана миңдеген жылдар өтөт. Бүтүндөй империялар пайда болот жана күлгө айланат. Бирок Чиркөө, эч нерсеге карабастан, жашап жана иштеп жатат. Бул жашоонун сыры Тирилген Христе камтылган, ал «кечээ, бүгүн жана түбөлүк – Ошол эле». Аны, Өлүмдү жеңүүчүнү, Чиркөө жуманын ар бир жетинчи күнү даңазалайт. Ал эми Ыйык Пасха күнү бул даңазалоого чек жок. Ал, өлгөндөрдүн арасынан тирилген Биринчи, биздин Аны менен бирге бирилүүбүздү жана түбөлүк Асман Атанын Өкүмдарлыгына кирүүбүздү каалайт, Ал баарыбызды туура жолго салат. Аминь.

Христос Тирилди!

Чынында Христос Тирилди!

 

Даниил,

Бишкек жана Кыргызстан епископу

Бишкек ш.,

Христ Пасхасы,

2015-жыл






© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.