2018-жылдын 11-февралында, этке уруксат берилген аптада, Катаал Сот тууралуу, кеткендердин баарын, Христке ишенгени үчүн куугунтук жылдарында жабыркагандарды эстөө күнүндө, Россиянын жаңы азап тартуучулары менен насаатчыларын эстөө күнүндө Бишкектин жана Кыргызстандын епискобу Даниил ыйык тең апостол улуу князь Владимир соборунда кудай литургиясын өткөрдү.
Епископ менен бирге кызмат өтөгөндөр: протоиерей Валентин Никонов, протоиерей Алексий Зайцев, иерей Георгий Дворовой, иерей Илья Меляков.
Кудай литургиясында Христостун Чиркөөсү үчүн өлтүрүлгөндөр жана куугунтукталгандар жөнүндө өзгөчө бата айтылды: “ Христоско ишенгени үчүн жана чындык үчүн куугунтук көргөн жана өлтүрүлгөн Кудайдын кулдары, зыңданда оорудан, ачкачылыктан жана сууктан каза болгон архипастырлар, пастырлар, монахтар жана тынч жашагандардын атын Кудай өзү даңазаласын”
Литургия бүткөндө епископ Даниил Христоско ишенгени үчүн куугунтукка алынып жана каза болгондордун жанын тынчтандырууну суранып лития өткөрдү.