Ошто Ооганстандан аскерлерди чыгаруу күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү

  15 февраля 2018   На русском
В Оше прошли торжественные мероприятия, посвященные Дню вывода войск из Афганистана

2018-жылдын 15-февралында, Сретение Господне майрамында, Кудайга сыйынуу литургиясын аткарып жана Православ жаштары күнү менен куттуктоолордон кийин, Ош округунун дин кызматкери (благочинный) протоиерей Виктор Реймген Ооганчылар күнүнө (Советтик аскердин чектелген контингентин Ооганстан Демократиялык Республикасынан чыгаруу күнү) арналган митингге катышты. Т.Сатылганов атындагы паркта жоокер-интернационалисттерге арналган эстеликтин жанында өткөн митингге 200 адам жыйналган, алардын арасында Кыргызстандын түштүгүндө жашаган ардагер-ооганчылар жана курман болгон “ооганчылардын” туугандары, Ош шаарындагы Россия Федерациясынын Башкы Консулдугунун, Оштогу Россия илим жана маданият борборунун, шаар мэриясынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Ички аскерлери катышты. Митинг бир мүнөт унчукпай туруп эскерүү менен башталды, ал убакта аза күтүү салюту атылды. Андан кийин митингдин катышуучуларынын алдында расмий адамдар сөз сүйлөштү. Иш-чаранын аягында жоокер-интернационалисттердин эстелигине гүл коюлуп жана курман болгон жоокерлер эскерилди.

Ушул эле күнү «Светоч» Православ чиркөө-приходдук мектебинде «Наследие» Аскердик-патриоттук клубунун курсанттарынын ардагер-ооганчылар менен жолугушуусу болду. Жолугушууга КРдагы Россиянын ФКК ыкчам тобунун начальнигинин орун басары Бучнев С.В., Оштогу Россия илим жана маданият борборунун директору Алексеев В.Н., Ош округунун дин кызматкери (благочинный) протоиерей Виктор Реймген, иерей Игорь Жуматий катышты. Бучнев С.В. ардагерлерди Ооганстандан аскерлерди чыгаруунун 29 жылдыгы менен куттуктап жана «Наследие» аскердик-патриоттук клубунун жетекчилери А.С. Говоритовду жана А.С.Юнду мааракелик медалдар менен сыйлады

Жолугушуунун соңунда ардагер-ооганчылар «Наследие» клубунун курсанттарына насааттарын айтышып жана катышкандардын бардыгы менен гитара чертип ыр аткарышты.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2025 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.