Епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды. Масленица жарманкеси

  19 февраля 2018   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе. Масленичная ярмарка

2018-жылдын 18-февралында, Адамдын куулушун эскерүү күнү, Кечирилген жекшембиде, Бишкек жана Кыргызстан епископу Даниил Бишкектин Ыйык-Воскресенск  кафедралдык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.

Ага собордун дин кызматкерлери кызматташты.

Литургияны аяктагандан кийин башчы Даниил чиркөө мүчөлөрүн Улуу посттун башталышы жана Масленица майрамы менен куттуктады.

Кудайга сыйынуудан кийин собордун аянтында епархиянын социалдык бөлүмү уюштурган салттуу Масленица сайраны өттү. Собордун аймагында тамак-аштар жана куймактар менен дасторкон жайылды. Элдик музыка жаңырып, балдар жана чоңдор кол кармашып тегерек туруп бийлеп, оюндарга жана сынактарга катышышты. Руханий-агартуу борборунда кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар өткөрүлдү.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2025 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.