2018-жылдын 18-февралында Архистратиг Божий Михаил храмында «Масленица» майрамы өттү.
Майрамга жүздөн ашык россиялык мекендештер жана Храмдын мүчөлөрү катышты, ошондой эле иш-чарага Ош шаарындагы Россия Федерациясынын Башкы консулу Роман Свистин, Оштогу Россия илим жана маданият борборунун кызматкерлери, «Содружество» этностук россиялыктардын коомдук бирикмесинин президенти Евгений Бреславский жана Оштогу орус диаспорасынын өкүлдөрү катышты.
Салтанаттуу сыйынуудан жана кечирүү чининен кийин Ош округу боюнча дин кызматкери протоиерей Виктор Реймген коноктор жана чиркөө мүчөлөрү менен амандашып, аларды Масленица майрамы жана Улуу Посттун башталышы менен куттуктады. Храмдын короосунда тамак-аштар жана салттуу куймактар менен дасторкон жайылды. Мектеп окуучуларынын жана мугалимдердин аракети менен «Светоч» Православ чиркөө-приходдук мектебинин окуучуларынын “Салам, Масленица!” темасында чыгармачылык иштеринин көргөзмөсү жана майрамдык концерт уюштурулду. Коноктор куймак жана ысык чай менен сыйланышты, бийлешип жана орус элдик ырларын ырдашты.