Епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда мурда ыйыкталган тартуулар литургиясын өткөрдү

  26 февраля 2018   На русском
Епископ Даниил совершил Литургию преждеосвященных даров и освятил коливо в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2018-жылдын 23-февралында, Улуу посттун 1-жетилигинде Бишкектин жана Кыргызстандын епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда мурда ыйыкталган тартуулар литургиясын өткөрдү.

Улуу урматтуу епископ менен бирге собордун динаятчылары кызмат өтөштү.

Маалымкат: жума күнү, Улуу посттун биринчи жетилигинде, кечки сыйынуудан жана Мурда ыйыкталган Тартуулар Литургиясынан кийин храмдарда ыйык азап тартуучу Феодор Тирон сыйынуу канону өткөрүлөт жана анын урматына коливо – бал менен кайнатылган күрүчкө бата берилет. Бул майрам төмөнкүнүн урматына белгиленген.

362-жылы грек императору Юлиан Отступник христиандарды шылдыңдап, Антиохиянын базарларында сатылган бардык азыктарга идолго курмандык жасалган канды чачыратып чыгууну буйруган. Христиан дининен чыгып кеткен адам ушундай жол менен Улуу Посттун биринчи аптасында орозо кармап жаткан адамдарды басмырлагысы келген. Бирок 306-жылы Христтин ишенимин таратканы үчүн өрттөлгөн улуу азап тартуучу Феодор  епископ Евдоксийдин түшүнө кирип, Юлиандын бул буйругу жөнүндө айтып жана булганган тамак-аштын ордуна бир апта ичинде коливо колдонууга кеңеш берген.

Улуу посттун биринчи жетилигинин соңунда Христос Чиркөөсүнүн бардык мүчөлөрү исповедь кылышат жана ыйык Христос сырларына сыйынышат. Сырын айтып кечирим суроого киришип жаткан адам аналоянын жанында исповедь жүргүзүп жаткан дин кызматкерине барат жана өзүнүн күнөөлөрүн айтып, кечирим сурайт. Аналоеде адам сырын айтып, кечирип сурап турган Кудайдын символу болгон Крест жана Евангелие жатат, дин кызматкери мындай Сыр ачып берүүдө ортомчу гана болот. Дин кызматкери чын дилинен өкүнүп турган адамды көрүп туруп, епитрахлянын башын анын ийилген башына коет жана Иисус Христостун атынан кечирим берүү менен уруксат берүүчү сыйынууну окуйт жана ага крестти тийгизет. Исповедь кылып жаткан адам Кресстти жана Евангелиени өбөт, дин кызматкери ага Ыйык Христтин атынан бата берет.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2025 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.