Епископ Даниил Бишкектин Владимир соборунда Кудай литургиясын өткөрдү

  12 марта 2018   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию во Владимирском соборе Бишкека

2018-жылдын 11-мартында, Улуу посттун Крестке сыйынуучу 3-аптасында, Бишкектин жана Кыргызстандын епискобу Даниил ыйык тең апостол ыйык князь Владимир соборунда Кудай литургиясын өткөрдү. Улуу урматтуу менен бирге төмөнкүлөр кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, протоиерей Алексий Зайцев, иерей Георгий Дворовой.

Литургиянын соңунда епископ Даниил келүүчүлөргө архипастырдык сөзү менен кайрылып, Улуу посттун жүрүшүндөгү Крестке сыйынуу аптасынын жана динге ишенгендер сыйынышы үчүн Распятиенин алынып чыгышынын руханий маанисин түшүндүрүп берди. Өзүнүн сөзүндө владыка Даниил крест белгисин кастарлап алып жүрүү зарылчылыгын, бул биринчи кезекте крестке асылган жана Тирилип келген Христтин исповеди экендигин баса белгиледи. “Распятие болбосо тирилүү болмок эмес, распятие - бул курал, бул жаңы Адамдын куралы, ал келип жана адам баласынын тукумун сактап калды. Христтин Крести ага ишенгендердин баары үчүн сооротуу, чыңалуу, ишеним, ишенич жана кубаныч берет, себеби Кудайдын Крести бизди күнүгө, биз крестти тутунган биринчи күндөн акыркы күнгө чейин коштоп жүрөт”, - деп баса белгиледи владыка.

Сыйынуудан кийин Владимир соборунда Иоан Кронштадский атындагы социалдык кызмат жана кайрымдуулук боюнча епархия бөлүмүнүн жетекчиси Елена Иванованы, ыктыярдуулар менен иштөө багытынын жетекчиси Оксана Кутепованы, ыктыярдуу Ольга Яковлеваны мээрман эжелердин катарына кабыл алуу жүргүзүлдү.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.