Ыйык Луканы (Войно-Ясенецкий) эскерүү күнүндө ташкенттеги кафедралык собордо 4 архиерей кызмат өтөдү

  19 марта 2018   На русском
В день памяти святителя Луки (Войно-Ясенецкого) в кафедральном соборе Ташкента служили 4 архиерея

2018-жылдын 18-мартында, Улуу посттун 4-аптасында,  Орто Азия митрополия округунун жетекчиси Ташкенттин жана Өзбекстандын митрополити Викентий Түркмөнстандагы Орус Православ Чиркөөсүнүн убактылуу башкаруучусу Пятигорск жана Черкесск архиепискобу Феофилакт, Дүйшөмбүнүн жана Тажикстандын епискобу Питирим, Бишкектин жана Кыргызстандын епискобу Даниил менен бирге Ташкент шаарындагы Ыйык-Успенск кафедралык соборунда кудай литургиясын өткөрүштү. Анын алдында кечинде уктабай сыйынуу өткөрүлгөн болчу.

Архипастырлар менен бирге төмөнкүлөр кызмат өтөштү: митрофор протоиерей Михаил Котляров, митрофор протоиерей Игорь Балухатин, протоиерей Иоанн Кулешов, игумен Нектарий (Блинов), протоиерей Андрей Тугушев, иеромонах Спиридон (Поздеев), протодиакон Александр Несин, диакон Михаил Межовиков, диакон Рустик Ковалев, диакон Петр Гнатик.

Кудай литургиясы аяктагандан кийин ыйык Лукага арналган сыйынуу окулуп, даңктоо өткөрүлдү, андан соң Викентий сыйынып жаткандарга өзүнүн насаат сөзү менен кайрылды:

«Кымбаттуу архипастырлар, аталар, бир туугандар, сиздердин баарыңыздарды Симферополдун жана Крымдын архиепискобу ыйык Луканын урматындагы бүгүнкү майрам жана жекшемби күнү менен куттуктайм. Анын ыйык денеси 1996-жылы алынган, бул биздин ыйыгыбыз, ал бул жерде, биздин жерде кызмат өтөп, Ташкент епархиясынын башкаруучу архиерейи болгон. Ошол кезде ыйык Лука Христтин ишенимин, православ динин таза сактап калуу, бизди ар кандай ерестен коргоо, Христтин ишенимин туура эмес чечмелөөдөн сактоо үчүн көп иштерди жасаган эле. Ал чыныгы архипастырь болгон, өзүнүн жамаатын сүйгөн жана боорукер дарыгер, дененин жана рухтун ооруларын айыктырган табып болгон. Ал азыр дагы кеселдерден айыктыруучу касиетке ээ, ал азыр дагы рухтун жана дененин оруларынан айыктыруучу күчкө ээ. Биздин алдыбызда ыйык Лука Войно-Ясенецкий икону турат, анда анын өзүнүн бир бөлүгү бар, биз аны ыйыктын денеси жаткан Крымдан алып келдик.

Ал абдан көп адамдарга жардам берет, көп ооруларды айыктырат. Мен өзүм билем, анткени мага адамдар келишип, ыйык Лукага сыйынуу менен татаал оорулардан айыгып кеткенин айтышкан. Анын өтүнүчү менен биздин денебиздеги жана рухубуздагы илдеттерди айыктырат. Ал мындай кереметтерди жасаган себеби адам Христтин ыйыгы аркылуу кудайдан дартынын дабасын алып, Кудайга жакындап, өзү насаат кылган, үйрөтүп келген, үндөп келген христианчылыктын эрежелери, кудайдын насааты кылган жолу менен жашасын деген максатта жасайт. Ал азыр дагы өзүнүн Ташкенттеги жана Орто Азиядагы паствасы туруктуу болуп, бул жашоодо боло турган бардык жамандыктардан жана азаптардан сактоо үчүн сыйынат.

Бүгүн, биздин кымбаттуу архипастырлар, дин аалымы Лука өзүнүн эрдигин жасаган жана сиздер анын жасаган ишин улантып, адамдарды ишенимге жана такыбалыкка үндөп, өз пастваңаз үчүн сыйынып жаткан бул жерде биз менен бирге болуп жатканыңыздарга ыраазыбыз. Биздин ишеним өчпөй, тескерисинче өрчүп өсүшү абдан маанилүү.

Мен Түркмөнстандагы башчы Феофилакт, сиз менен болуп, ал жакта канча деген адам Кудай үйүндө Кудайда жана сизге чоң сүйүү менен сыйынып жатканына жана Кудайдын атын даңктап жатканына абдан кубанычтамын. Бул жерде сиздердин эмгек менен, биздин Ортоазиялык паста тууралуу кам көргөн, биздин Ыйык Патриарх Кириллдин сыйынуусу менен ишеним өчпөгөнү абдан кубанычтуу. Сизге эки епархияда кызмат өтөп жатканыңыз үчүн ыраазычылык билдирем, Кудай мындан ары кызмат кылууда күч жана кубат берсин.

Кымбаттуу Питирим, биз сиздин Тажикистанда жасап жаткан эмгегиңиз үчүн дагы ыраазыбыз. Ал жакта паства чакан. Бирок, эгер бир адам аман калууну кааласа, анда бул адамды сактап калуу үчүн өзүңдү берүү керек деп айтышат. Сиз даш ошол чакан паства үчүн өзүн бүтүндөй Чиркөөгө кызмат кылууга, Кудайга өзүнүн сүйүүсүн, өзүнүн курмандык кызмат кылуусун арнаган жана алардын Кудайга жакын болуусуна жана куткарууну, түбөлүк жыргал жашоону алуусуна жардам берген адамсыз. Кудай Тажикистандагы бул оор кызмат кылууга күч берүүсү үчүн, бул паства өсүп жана кам көргөн, сыйынган жана Кудайга жана адамдарга кызмат кылууга көмөктөшкөн өзүнүн архипастырына ээ экенине кубануусу үчүн, Сиз үчүн Кудайдан суранабыз жана Кудайга сыйынабыз.

Кымбаттуу Даниил, Кыргызстан архипастыры, Сиз биздин жүрөккө абдан жакынсыз. Сиздин кылган эмгектериңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сизге Кыргызстанда өз кызматыңызды өтөөгө Кудайдын жардам кылуусун каалайбыз. Ал жакта көптөгөн паства бар жана аны көбөйтүп жаткан Сиздин эмгекке кубанабыз. Кудай Сизге жан дүйнө жана дене бой күчүн жана бекемдигин берсин, биздин элдердин биримдиги бекемдеп, өрчүп жана тынчтык өкүм сүрүп, баарыбыз тынчтыктын жана ынтымактын чөлкөмүндө жашайлы».









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.