Епископ Даниил Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Нооруз майрамы менен куттуктады

  21 марта 2018   На русском
Епископ Даниил поздравил Президента Кыргызской Республики Сооронбая Жээнбекова с праздником Нооруз

Кыргыз Республикасынын Президенти

Улуу Урматтуу

Жээнбеков Сооронбай Шариповичке,

 


 

Улуу Урматтуу Президент мырза!
 

 

Бүгүн жалпы мусулман дүйнөсү улуу майрамдардын бири болгон Ноорузду майрамдап жатат.

Касиеттүү Кыргызстандын жеринде көптөгөн кылымдардан бери көптөгөн улуттар бирге кубанып, бирге кайгырып, бири-биринин ишенимин сыйлап жана бири-бирин урматтап, ынтымак-ырашкерликте жашап келет.

Жаңы жылдын, жаңы жашоонун башаты болгон Нооруз үмүттөрдү орундатып, жүрөктөрдөн жек көрүү менен жамандыкты кубалап, ниеттерге боорукердик, сүйүү, жоомарттык жана кайрымдуулук тартуулап келет. Бул аздек сапаттардын пайда болушу, татаал жагдайга кабылган карыларга, жетимдерге жардам берүү ата-бабалардан бери келе жаткан ак ниеттүү салттарды улантып, “Ак сөз, адал иш, аруу ниет” деп айтылган бабалардын насаатын тастыктап турат.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, Сизди ушул улуу майрамыңыз менен куттуктап, терең сый-урмат көрсөтүү менен өз ара түшүнүшүү чиркөө менен мамлекеттин ак ниет кызматташтыгын мындан ары дагы чыңдай берет деген үмүтүмдү билдирем, себеби биздин ынтымагыбыз - биздин күч-кубатыбыз болуп келген жана боло бермекчи!

Сизге чың ден соолук, тынчтык, акылмандык жана баштаган бардык ак ниет иштериңизге Жаратканыбыз жар болсун деп тилейм.

 

Терең урматтоо менен,


Бишкектин жана Кыргызстандын Епискобу Даниил









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.