2018-жылдын 23-мартында, кечки кудайга сыйынууда, Бишкек жана Кыргызстан епископу даниил ыйык Андрей Критскийдин Улуу канонун окууну жетектеди, анда ыйык Мария Египетскийдин өмүр баяны окулду.
Улуу урматтуу епископ менен кызмат өтөштү: Алексий Зайцев, иерей Андрей Бутаков, иерей Никита Чебуков, иерей Илья Меляков.
Маалымдама: Улуу посттун бешинчи жумасында ыйык Андрей Критскийдин Улуу канону бүтүндөй окулат, ал биринчи жуманын алгачкы төрт күнү бөлүп окулат, ошондой эле анык тобо кылуунун, жамандык менен күрөшүүнүн үлгүсү жана Кудайдын кайрымдуулугунун мисалы болгон ыйык Мария Египетскаянын өмүр баяны окулат.
Ыйык Андрей Критский улуу динчил катары дагы, улама катары дагы жана мыкты ыр жазуучу жана гимнограф катары православ ылакабында терең из калтырган. Канонду жаратуучу өзүн гана эмес, бардык күнөө кылган адамзатын ый аралаш арманга салат. Ал бардык жасалган күнөөлөрдү – Адамдан тартып Жаңы Осуятка чейин жасалган күнөөнү эскерет; эски мисалдар канондо көп бөлүктү – сегиз ырды түзөт. Ыйык Андрей ата-бабаларынын кылган күнөөлөрү тууралуу эскерип гана койбостон, аларды өзү жасаган күнөөсүндөй кайгырат: «Биринчи жаратылган Адам кылмыш жасап, Кудайдан өзүн алыстаткан…»
Ыйык Мариянын өмүр баянын дин кызматкери Софроний, патриарх Иерусалимский түзгөн, ал эми Иерусалим патриархы Феодор тарабынан VI Аалам Соборуна (692-ж.) жөнөтүлгөн ыйык Андрей Критский бул Өмүр баянды өзүнүн канону менен бирге берген. Бешинчи жуманын бейшембисинде Ыйык Андрей Критскийдин канонун жана Мария Египетскаянын өмүр баянын окуу VI Аалам Соборунун убагынан бери Чиркөө тарабынан аткарылып келет.