2018-жылдын 25-мартында, Улуу посттун 5-жумасында, Бишкек жана Кыргызстан епископу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.
Аны менен кызмат кылышты: протоиерей Валентин Никонов, иерей Андрей Кунавин, иерей Андрей Андреев.
Кудайга сыйынуу литургиясы аяктагандан кийин епископ Даниил храмга келгендерге арихастырлык сөзү менен кайрылып, Пайгамбар окуучуларына ал жакында өлтүрүлүп жана үчүнчү күнү тириле турганын эскерткени жөнүндө евангелия окуусун түшүндүрүп берген.
«Ошол учурда окуучулары Пайгамбардын сөзүн түшүнүшпөйт жана Андан Көк Асманда бири оң, башкасы сол тарабына отурса болобу деп сурашат. Пайгамбар аларды жемелейт – «Силер эмнени ойлонуп жатасыңар. Ким оң жана ким сол тарапка отурат биздин Атабыз чечет». Епископ Даниил Христтин “эгер силер кудай болууну кааласаңар, анда биринчи кызматчы болгула” деген негизги оюн өзгөчө баса белгиледи. Пайгамбардын бул сөздөрү Христтин окуучулары биринчи кезекте момун болушу керектигин айтып турат. «Дал ушундай жол менен, деп белгиледи Даниил, - бүгүнкү Евангелие бизге, анын ичинде ыйык Кырк күндүктүн акыркы жумасын өткөрүүгө насаат айтат. Эгер биз Пайгамбар бизге насаат кылган момундуктун жок дегенде аз бөлүгүнө ээ болсок, биз Тирилген Христ жөнүндө улуу жыргалга жана кубанычка ээ болобуз».