Бишкек епархиясында регенттердин жана хорго катышуучулардын VIII Окуу-билим берүү семинары өттү

  28 марта 2018   На русском
В Бишкекской епархии состоялся VIII Учебно-образовательный семинар регентов и певчих

2018-жылдын 27-мартында Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунун агартуу борборунун конференц-залында Чиркөөнүн ырдоо бөлүмүнүн 5 жылдыгына арналган, регенттердин жана хорго катышуучулардын VIII Окуу-билим берүү семинары өттү.

Семинарга  5 благочиниеден келген дин кызматкерлери, регенттер, хорго катышуучулар,  семинаристтер, жаштар бөлүмүнөн балдар, ошондой эле ыйык князь Владимир православ гимназиясынын окуучулары катышты.

Семинардын биринчи бөлүгү тарыхый тематикага арналган. Регенттер жана хорго катышуучулар өздөрүнүн храмдарынын жана клиросторунун тарыхы жөнүндө айтып беришти, көйгөйлөрүн жана алдыдагы пландарын бөлүштү. Семинарда тааныштырылган тарых боюнча материалдар, эски нота басылмалары, хорго катышуучулардын эскерүүлөрү мындан ары Ыйык-Тихонов Гуманитардык Университетинде илимий иш үчүн булак катары кызмат кылат. Андан кийин жаштарга университет жөнүндө фильм көрсөтүлдү, ал эми анын бүтүрүүчүсү Ожередова Анна “Клиросто Кудайга кызмат кылуу тексттеринин үстүнөн иштөөнүн өзгөчөлүктөрү” темасында мастер-класс өттү. Семинарда регенттердин бир бөлүгү аттестациядан өттү. Жалпысынан иш-чарага 45 адам катышты.

Семинар “Түбөлүк жашоо жөнүндө ойлонуу” деген классикалык музыканын концерти менен аяктады, анда митрополит Илларион жөнүндө фильмден үзүндүлөр көрсөтүлдү жана Кыргыз Улуттук консерваториясынын студенттеринин аткаруусунда музыкалык классиканын шедеврлери жаңырды.

Чиркөөнүн ырдоо бөлүмүнүн жетекчиси Цуркан Н.Д. семинарды уюштурууга жана өткөрүүгө катышкандардын баарына терең ыраазычылык билдирет.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2025 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.