Епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды. Литургияда Бишкек епархиясынын дин кызматкерлери патриарх жана архиерей сыйлыктарына ээ болушту

  31 марта 2018   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе. За литургией священники Бишкекской епархии были удостоены патриарших и архиерейских наград

2018-жылдын 31-мартында, ваий жумасында, Лазарев ишембисинде, Бишкек жана Кыргызстан епископу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.

Улуу урматтуу Анын кудайга кызмат кылуусунда Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын бир катар дин кызматкерлери сыйланышты.

2018-жылдагы Ыйык Пасха майрамында, Улуу урматтуу Москва жана бүткүл Орус Патриархы Кириллдин 23.03.2018-жылдагы № У-01/45 жана 20.03.2018-жылдагы № У-01/41 буйруктарына ылайык, жана Бишкек жана Кыргызстан епископу Даниилдин сунуштамасы боюнча Бишкек епархиясынын төмөндөгү клириктери кудайга кызмат кылуу-иерархиялык сыйлыктарына татыктуу болушту:

Кооздуктары менен шакек крестин тагынуу укугу менен – Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын катчысы протоиерей Алексий Сыромятников.

Палица алып жүрүү укугу менен татыктуу болду – Васильевка айылындагы Кудай Эненин иконасы Казан храмынын чиркөө кызматкери иерей Леонид Игнатов, Беловодское айылындагы Архангел Михаил храмынын чиркөө кызматкери иеромонах Серафим (Шаталин).

Архиерей буйругуна ылайык шакек крестин тагынуу укугу менен сыйланышты: Кызыл-Суу айылындагы Кудай Эне Покров храмынын чиркөө кызматкери иерей Алексей Гуреев, Түп айылындагы удай Эненин иконасы Казан храмынын чиркөө кызматкери иеромонах Феогност (Павлов), Чалдыбар айылындагы Ыйык Кудай Эне Покров Храмынын чиркөө кызматкери иерей Виктор Гончарук. 

 









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.