2018-жылдын 30-мартында Бишкек шаарындагы Достук” мейманканасынын “Империал” жыйындар залында Бишкектин жана Кыргызстандын епискобу Даниилдин батасы менен Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын Епархиялык башкармалыгынын катчысы иерей Александр Пелин “Биримдиктин жана кызматташтыктын жолу менен” аттуу Кыргызстанда жашаган Россиялык мекендештердин Х өлкөлүк конференциясына катышты.
Конференциянын ачылышына төмөнкүлөр катышты: Кыргызстандагы Россиянын убактылуу өкүлү В.В. Чекмазов, КР Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары рангындагы КР Президентинин Аппаратынын этникалык саясат жана жарандык коом менен эриш-аркак алака бөлүмүнүн башчысы М.А. Карыбаева, РФ Федерация Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү А. И. Лисицын, КР Жогорку Кеңешинин (парламенттин) депутаттары Карамушкина Ирина Юрьевна, Самигуллина Альфия Эльдаровна жана Строкова Евгения Григорьевна, Чет өлкөдө жашаган мекендештерди колдоо жана укуктарын коргоо фондунун улук кеңешчиси А.А. Сорокин, Кыргызстандагы Россия кызматташтык уюмунун Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Эдуард Феликсович Крусткалн, мекендештердин уюмдарынын жана казак уюмдарынын өкүлдөрү, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү жана башка расмий кызмат адамдары катышты.
Улуу Урматтуу епископтун конференциянын катышуучуларына жолдогон учурашуу-кайрылуусун Иерей Александр Пелин окуп берди.
Конференциянын ишинин жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жашаган Россиялык мекендештердин Х өлкөлүк конференциясынын резолюциясы кабыл алдынды, аталган документте мекендештердин актуалдуу маселелерин чечүү боюнча коомдук уюмдар менен мамлекеттик органдардын биргелешкен иштеринин негизги багыттары чагылдырылган.
Бишкектин жана Кыргызстандын епискобу Даниилдин Кыргызстандагы мекендештердин конференциясынын катышуучуларына жолдогон кайрылуусу
Урматтуу мекендештер, мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү,
ар жылы өтүүчү Х өлкөлүк конференциянын катышуучулары жана меймандары, кымбаттуу ага-инилер жана эже-карындаштар!
Ар жылы мекендештердин жана дүйнөнүн ар башка өлкөлөрүнөн келген меймандардын башын бириктирген Кыргыз Республикасындагы россиялык мекендештердин конференциясынын катышуучуларына чын дилимден салам айтам. Бул форум Кыргыз Республикасындагы россиялык мекендештердин жашоосунун зарыл маселелерин, ошондой эле биздин мамлекеттердин интеграциялык өнүгүүсүнүн маселелерин талкуулоо үчүн ыңгайлуу аянтча болуп саналат. Тандалган “Биримдик жана кызматташтык жолу менен” темасы тарыхий, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий маселелерди талкуулоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүк берет.
Бул мезгилдин ичинде Кыргыз Республикасындагы россиялык мекендештердин коомунда мамлекет-коом диалогу чөйрөсүндө бай тажрыйба топтолду. Маданият, коомдук, социалдык чөйрөдө жана саясий жаатта бекем, жана жогорку натыйжалуу-оң жетишкендиктер болгонун белгилей кетүү керек. Бирок дүйнөдө дайыма жаңы коркунучтар жана көйгөйлөр жаралып турат, аларды биз биргелешип, ынтымак менен чечишибиз керек.
Биз терроризм жана экстремизм коркунучтары, ошондой эле башаламан геосаясий оюндардын кесепеттери мамлекеттин коопсуздугу үчүн күн тартибинин биринчи планына чыгып жаткан тынчы жок убакта жашап жатканыбыз эч кимге жашыруун эмес. Биз геосаясий күрөш иштиктүү алакалардын, мамлекеттик түзүмдөрдүн бузулушуна жана жер талаштарга жана бир туугандар бири-бирин өлтүргөн согуштарга алып келип жатканын көрүп жатабыз. “Өзүнөн-өзү бөлүнгөн ар бир дөөлөт; өзүнөн-өзү бөлүнгөн ар бир шаар же ар бир үй кыйрап калат”, - деп айткан Куткаруучу Христос (Мк. 12:25). Заманбап коркунучтардан коргоо издеп, бүткүл дүйнө интуитивдүү түрдө биригүүгө умтулуп жатат, жеке коопсуздугун чыңдоо максатын көздөп ар түрдүү мамлекеттер коалицияларга жана бирикмелерге биригип жатышат.
Евразия бажы союзу жана жалпы күч-аракеттер менен түзүлгөн мейкиндик Россия менен Кыргызстандын жана алардын элдеринин отосунда маанилүү жаратмандык ролун аткарып келет. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүү ишиндеги россиялык мекендештердин маанилүү ролун белгилей кетким келет. Бул адамдар өздөрүнүн жигердүү эмгеги менен кыргызстандыктардын бакубат жашоосу үчүн шарт түзүүгө умтулушкан. Учурдан пайдаланып Москванын жана жалпы Орустун Патриархы Кириллдин Кыргызстанга болгон Ыйык сапарын даярдоого жана өткөрүүгө жардам берген жана көмөктөшкөн биздин мекендештерибизге терең ыраазычылык билдиргим келет. Улуу урматтуу Патриарх Кыргызстан жана анын эли анын жүрөгүндө жылуу сезим менен сакталып кала берээрин айтты. Патриархтын Кыргызстанга болгон сапары Православ Чиркөөсүнүн тынчтык жаратуучу, бириктирүүчү жана чыңдоочу күчүн дагы бир жолу тастыктады жана бекемдеди.
Заманбап дүйнө бизге көптөгөн коркунучтарды алып келип жатат. Тартипсиз, кара ниет жана кара мүртөз адамдар боорукерликтен, өз ара сыйдан жана тынчтыктан жогору коюлуп жатат. Кыргызстандагы мекендештердин, Кыргыз Республикасынын коомдоштугунун жана ар бир кыргызстандыктын - биздин жалпы милдетибиз – жеке тартип, ак ишибиз, кайрымдуулугубуз жана кайратман эмгегибиз менен кара ниетке каршы туруу, анткени динге ишенген ар бир адамды Кудай ички жана тышкы дүйнөнүн жаратманы болууга чакырып келет.
Россиялык мекендештердин ажарыгыс бөлүгү болгон Кыргызстандык православдар дайыма Кудайдан Кыргыз Республикасынын жыргалчылыгын жана Кыргыз-Россия бир туугандык алакасын сактап калууну сурап сыйынышат жана ак ниети менен эмгек өтөшөт.
Бүгүнкү конференция адамзатынын жалпы үйүн жана тынчтыкты куруу үчүн аянтча жана фундамент болот. Кыргызстандык православдар дагы ушул багытты көздөй бара жатышат. Алсак, мисалы, быйыл Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көлдүк такыба Ираклий храмынын курулушу улантылды, бул храм шаардагы православдар үчүн абдан чоң мааниге ээ. 2018-жылдын башынан бери Асанбай кичи-районундагы князь Владимир атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин курулушу үчүн зарыл болгон инженердик-архитектуралык жана уруксат берүүчү документтердин пакетин даярдадык. Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда иконостаска алтын жалатуу боюнча иштер, ошондой эле ушул жылдын июль айында боло турган дубалдарга сүрөттөрдү жазууга даярдык көрүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле, оңдоо - калыбына келтирүү иштери Епархиянын көптөгөн храмдарында жүргүзүлүп жатканын белгилей кетким кетем, ушуга байланыштуу, буга чейин болуп келгендей эле мекендештерден мурдагыдай эле Православ Чиркөөсүнө жардам берүүнү жана кам көрүүнү суранам.
Кымбаттуу ага-инилер жана эже-карындаштар, Сиздердин баарыңыздарга тынчтык, жаратмандык жана мамлекеттер ортосунда диалог жана кызматташтык түзүү ишинде ийгилик каалайм. Кудай Сиздерди сактасын!