2018-жылдын 1-апрелинде, Иерусалимге Кудай кирген күнү, Верба Жекшембисинде Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудай литугиясын өткөрдү.
Улуу урматтуу владыкага төмөнкүлөр көмөктөштү: Бишкек епархиясынын катчысы протоиерей Алексий Сыромятников, протоиерей Алексий Зайцев, иерей Илья Меляков.
Сыйынуу аяктагандан кийин владыка көп сандаган адамдарга архипастырлык сөзү менен кайрылды, андан соң Куткаруучуну тосуп алган Иерусалимдин тургундагы колдоруна кармаган пальманын бутактары жөнүндө эскерүү иретинде ушул күнү адамдар ала келген верба бутактарына ыйык суу чачуу менен тазалады.