Москванын жана бүткүл орустун патриархы КИРИЛЛДИН архипастырларга, пастырларга, диакондорго, монахтарга жана Орус Правослва Чиркөөсүнүн бардык ишенимдүү балдарына Пасхалык кайрылуусу

  07 апреля 2018   На русском
Пасхальное послание Патриарха Московского и всея Руси КИРИЛЛА архипастырям, пастырям, диаконам, монашествующим и всем верным чадам Русской Православной Церкви

Кудайды сүйгөн архипастырлар, такыба пресвитерлер жана диакондор, кудайды сүйгөн иноктор жана инокиньялар,

ага-инилер жана эже-карындаштар!

 

ХРИСТОС ВОСКРЕСЕ!

 

Табыттан Жан кирип турган Куткаруучу жөнүндө жаркын кубанычка толгон жүрөктөн сиздердин баарыңыздарды бул жашоону даңазалаган сөздөр менен саламдашып жана майрамдардын майрамы болгон – Кудайдын Пасхасы менен куттуктайм.

Азыр биз ишенимдин чоң майрамына, духтун улуу салтанатына бара жатабыз. Кудайдын жалгыз Уулу, дүйнөгө келип, азаптарды тартып жана кресттен өлүм таап, Асмандагы Атасынын буйругу менен табыттан тирилип турган! Иисус тирилди – жана “өлүм жеңилди” (1 Кор. 15, 54)! Ал тирилди – жалпы Аалам кубанды! Кудай тозокту жойду жана азезилдин бийлигин кыйратты. Каны менен тазартып жана күнөөдөн арылткан Иисус Христ аркылуу бизди асырап алуу үчүн булардын баарын Адамды сүйгөн Кудай жасады (Еф. 1, 4–5; 7).

Христтин өлүмдү жеңүүсү – бул руханий гана эмес, физикалык дагы реалдуулук. Кудай Иисус адамдардын баарын куткаруу үчүн чынында денесине тирилип келди. Анын тирилиши менен өлүм өзүнүн кайтып келбес мүнөзүн жоготту, жана Христке ишенгендер үчүн түбөлүк жашоого жаралуу, асманга, Кудайдын падышалыгына жол ачып берген эшик болуп калды.

Христ үчүн азап тарткандар дагы бардык азаптарды эрдик менен көтөргөнү кокусунан эмес. Мурда улуу насаатчылар дагы өлгөндөр үчүн курман болгондорго аза тартып келишкен болсо, Кудай Христтин тирилиши менен өлүм аларды коркута албай калды. Ыйык агартуучу Афанасий Великий жакшы жазып кеткендей, эми Христке ишенгендердин баары өлүмдү эч нерсе эмес катары карай башташты, алар өлгөндө каза болушпайт, тирилүү аркылуу өлбөс болушат (Кудайдын айланышы жөнүндө сөз, Анын бизге тирүү болуп кайтып келүүсү жөнүндө сөз). XX  кылымда динге куугунтук болгон жылдары исповедь венецтерин коркпосон кабыл алган Орус Чиркөөсүнүн жаңы азап тартуучулары бизге жаркын үлгү болуп калышты.

Бүгүнкү күнү дүйнө евангелие притчасындагы (Лк. 12, 16–21) эси жок байга окшоп бара жаткан учурда, ыңгайлуулук, ийгиликтүү жана узак жашоо адам турмушунун эң башкы баалуулуктары катары жар салынып жатканда, биз, Куткаруучунун окуучулары жана жолун улантуучулары, апостол Павелдин артынан катуу күбө өтөбүз: биз үчүн жашоо – бул Христос (Флп. 1, 21), ал эми өлүм – тиричиликтин соңу эмес. Ушундай айтабыз жана ишенебиз, анткени билебиз: Кудай адамдын жанын түбөлүккө жараткан.

Күндөлүк жашоонун агымына кабылган бизге жашообузга Кудайдын катышып жатканын көрүү үчүн  руханий көсөмдүк жетпей келет! Бирок, Пасха убагы – таптакыр башка мезгил болот. Бул күндөрү абанын өзү дагы эч нерсеге салыштырууга болбогон Пасха кубанычына толуп турат, ал эми Кудайдын сүйүүсү менен мээрими ар бир адамга ашыгы менен берилет.

Бул керемет жана жаркын майрамдын салтанатына кирип жатып биз сөз менен гана эмес ишибиз менен дагы Тирилип келген кудай Христос аркылуу адамдар алган  Улуу Тартууну күбөлөндүрөбүз. Айланадагылар менен кубанычтуу Евангелия жаңылыгын бөлүшөбүз, жакындарыбызга сүйүүбүздү, камкордугубузду тартуулайбыз, биздин жардамга муктаж болгондорго жакшылык кылып, көңүлүн тынчтандырабыз. Ошондо гана ыраазы болгон ооз менен жана ыраазы болгон жүрөктөр менен табыттан тирилип келген Кудайды даңазалоо менен биз кирип келген Пасха кереметинин мураскери болобуз жана кубануу менен биздин баарыбызга чексиз сүйүүсүн тартуулаган Жараткан Кудайдын уул-кыздары деп аталабыз.

Сиздерди  Ыйык Пасха менен куттуктайм, сиздерге кайра, кайра кубануу менен айтам:

 

ХРИСТОС ВОСКРЕСЕ!

МОСКВАНЫН ЖАНА ЖАЛПЫ ОРУСТУН  ПАТРИАРХЫ

 

Москва,

Христос Пасхасы

2018-ж.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.