2018-жылдын 7-апрелинен 8-апрелге караган түнү, Улуу урматтуу Даниил, Бишкек жана Кыргызстан епископу, Бишкек шаарындагы Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунда Пасха кудайга кызмат кылуусун – кечки сыйынууну, кресттик жүрүштү, Пасхадагы таңкы сыйынууну жана Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.
Салт боюнча, “Воскресение Твое, Христе Спасе” ырын ырдоо менен Ыйык-Воскресенск соборун айланып кресттик жүрүш аткарылды жана Пасхадагы таңкы сыйынуу башталды, анын соңунда “Ыйык Пасхага карата Иоанн Златоусттун жарыялоо сөзү” окулду.
Пасхалык Евангелие (Ин. 1:1-17) 9 тилде: чиркөө-славян, грек, украин, белорусс, кыргыз, латын, англис, немец, иврит тилдеринде окулду.
Москва жана Бүтүндөй Орус Патриархы Улуу Кириллдин архипастырларга, пастырларга, монахтык кылуучуларга жана Орус Православ Чиркөөсүнүн бардык ишенимдүү балдарына карата пасхадагы кайрылуусун иерей Георгий Дворовой окуду.
Сыйынуудан кийин Улуу Урматтуу Ал артоско (ачытылган нан) касиет киргизүү ырым-жырымын аткарды.
Кудайга сыйынуу литургиясы аяктагандан кийин Улуу урматтуу Ал келген адамдарды куттуктады жана баарына архиерейлик батасын берди.
Улуу урматтуу Даниил динге ишенгендерди Берекелүү Оттуу тосуп алууга чакырды, аны Иерусалимден Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборуна кыргызстандык зыяратчылар алып келишет. Отту тосуп алуу 9-апрелде, Ыйык Жуманын дүйшөмбү күнү, саат 16:00дө Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунун собордук аянтында өтөт.