Кыргызстандык зыяратчылар Бишкекке Иерусалимге түшкөн Ыйык отту алып келишти

  10 апреля 2018   На русском
Кыргызстанские паломники привезли Благодатный огонь в Бишкек

2018-жылдын 9-апрелинде Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын зыяратчылар тобу Ыйык-Воскресенск кафедралык соборуна Иерусалимдеги Кудай Табыты храмына түшкөн Ыйык отту алып келишти.

Жаркын Седьмица Дүйшөмбүсүндө саат 16:00дө Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун аянтында Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил зыяратчылардын колунан Ыйык от күйүп турган идишти кабыл алды. Ыйык отту тосуп алуу Бишкек, Беловодск жана Чүй-Токмок дин кызматкерлеринин, көп сандаган православдардын катышуусунда өттү.

Ыйык отту салтанаттуу түрдө тосуп алгандан кийин дароо владыка Даниил Жаркын Седьмица Дүйшөмбүсүнүн кечки сыйынуусун өткөрдү, анын жүрүшүндө келген адамдарга Ыйык от таратылды.

Сыйынуунун катышуучуларына кайрылган Улуу Урматтуу Даниил Ташкент жана Өзбекстан митриполити Викеньтийге терең ыраазылык билдирди. “Бир нече жылдан бери владыка Викентий биздин еперхияга аталык камкордугун, сүйүүсүн жана марттыгын көрсөтүп, биздин зыяратчыларга Ыйык жерге барууга жана улуу святынья – Ыйык отту Кыргызстанга алып келгенге мүмкүнчүлүк берип жатат”, - деди епископ.

Улуу Урматтуу ошондой эле зыяратчыларга жасаган эмгеги жана татыктуу аткарылган  миссиясы үчүн ыраазылык билдирди.

Сыйынуунун соңунда ага катышкан дин кызматкерлери өздөрү кызмат өтөгөн приходдорго Ыйык отту таркатышат. Ош жана Талас благочиндиктерине, республиканын түштүгүнө ыйык отту кыргызстандык делегациянын мүчөсү иерей Анатолий Золотарев жеткирди.

Маалымат-кат: жыл сайын Пасханын алдында Ташкент жана Өзбекстан митрополити Викентийдин батасы менен Ташкент епархиясынын зыяарт бөлүмү Ыйык от алып келүү үчүн Иерусалимге зыяратчылардын сапарын уюштуруп турат. Курамына кыргызстандык жана тажикстандык топтор кирген Ташкент жана Өзбекстан епархиясынын зыяратчыларынын делегациясы Ташкенттен Тель-Авивге чартердик рейс менен учуп барат.

Сапар владыка Викентийдин руханий камкордугу алдында өтөт. Зыяратчылар Израилге Страстной недельянын Улуу Пятницасы күнү кечинде учуп барышат. Иерусалимге келээри менен Кудайдын Табыты храмына барышат, Императордук Палестина Православ коомунун Александр комплексиндеги орус православ чиркөөсү – ыйык Александыр Невский Чиркөөсүнө барышат, Куткаруучунун крест көтөргөн жолунун айрым участокторунан өтүшөт, орус руханий миссиясынын Троицк соборунда түнкү Кудайга табынуу литургиясына катышышат.

Ишемби күнү владыка Викентий чакан топ менен бирге Кудайдын Табыты храмына барат жана Ыйык оттун түшүүсүн күтөт. Бул учурда калган зыяратчылар ыйык жерлерге барышат. Адатта алар Мария Магдалина монастырына, Вифлиеемдеги Христостун Рождество базилигинде жайгашкан Рождество үңкүрүнө, Иудей чөлүнүн монастырларына жана Иоан Креститель Кудайдын өзүн чокундурган Иордандын жээгине барышат.

Ыйык от түшкөндөн кийин зыяратчылар Ташкентке кайтып келип, Ыйык Христос Воскресениесин тосушат. Андан кийин кыргызстандык делегация ыйык оту бар лампада-капсуланы Кыргызстанга алып келишет. Жол жүргөн зыяратчылар үч чек араны кесип өтүп (Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан), түнкү автобус каттамы менен ыйык отту Бишкекке алып келишет.

Быйыл епископ Даниилдин батасы менен кыргызстандык зыяратчылар тобуна төмөнкүлөр киришти:

Ыйык улуу азап тартуучу Георгий Победоносец атындагы храмдын насаатчысы протоиерей Александр Атаманов (Чүй-Токмок благочиндиги, Токмок шаары);

Ирина Мезенцева (Ысык-Көл благочиндиги, Семеновка айылы);

Евгения Пелина (Беловодск благочиндиги, Беловодск айылы);

Князь Владимир мектебинин директору, Светлана Аристова (Бишкек шаары);

Маалымат-басылма бөлүмүнүн жетекчиси, Анна Грекова (Бишкек шаары);

Маалымат-басылма бөлүмүнүн видео-оператору, Евгений Вольф (Бишкек шаары);

Епархиянын социалдык бөлүмүнүн кайрымдуу мээрманы, Ирина Гулова (Бишкек шаары);

Епархиянын социалдык бөлүмүнүн ыктыярчысы, Галина Шумкина (Бишкек шаары);

Епархиянын социалдык бөлүмүнүн ыктыярчысы, Александр Жуков (Бишкек шаары);

Архиерей үйүнүн кызматкери, Наталья Храмцова (Бишкек шаары)




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.