Епископ Даниил Манас айылындагы ыйык такыба Иоанн Кронштадтский храмында Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү

  11 апреля 2018   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию в храме святого праведного Иоанна Кронштадтского в селе Манас

2018-жылдын 11-апрелинде, Жаркын седмицанын шаршембисинде Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Манас айылындагы ыйык такыба Иоанн Кронштадтский атындагы храмда Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү.

Улуу урматтуу менен бирге төмөнкүлөр кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов,  Ысык-Көл округунун благочиндүүсү протоиерей Сергий Чувичкин, ыйык такыба Иоанн Кронштадтский атындагы храмдын насаатчысы протоиерей Андрей Борисенко, Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун клириги иерей Георгий Дворовой.

Кудайга сыйынуу литургиясы бүткөндөн кийин храмдын айланасына Кресттүү жүрүш өткөрүлдү.

Андан соң епископ Даниил келүүчүлөргө архипастырлык сөзү менен кайрылды.

«Дайыма бул күндөрү руханий кубаныч сиздердин жүрөгүңүздөрдө жана сиздердин жашооңуздарда болушун каалайм.  Христос Пасхасы – майрамдардын майрамы. Бул абдан улук майрам. Пасха – бул тозокту жеңүү, бул жашоо! Пасха – бул Кудайдын адилеттиги, ал дайыма жамандыкты, жалганды жана жасакерликти жеңип келет. Дагы бир жолу сиздерди Христос Пасхасы менен куттуктайм!

Христос Воскресе!









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.