Бишкек епархиясында “Христиан адептүүлүгү жана заманбап маданият” VI Эл аралык Пасхалык агартуу окуулары аяктады

  14 апреля 2018   На русском
В Бишкекской епархии завершились VI Международные Пасхальные образовательные чтения «Христианская нравственность и современная культура»

2018-жылдын 14-апрелинде Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунда VI Пасхалык окуулар ишин аяктады.

“Христиан адептүүлүгү жана заманбап маданият” окууларынын үчүнчү секциясынын иши О. В. Розина менен христиандык адептүүлүк көз карашынан замапбап субмаданияттар жөнүндө аңгемелешүү түрүндө өттү, ошондой эле Е. И. Щекина менен орус адабиятынын контекстинде адамдын руханий-адептик баалуулуктарын калыптандыруудагы үй-бүлөнүн ролу тууралуу аңгемелешүү өттү.

Окуулардын алкагында “Кудай дүйнөсү балдардын көзү менен” конкурсунда жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өттү жана КР маданиятына эмгек сиңирген ишмери В.Р. Горов тарабынан “Үйрөнчүктөр үчүн интарсия техникасында жыгачты кесүүнүн негиздери” мастер-классы өткөрүлдү.

Окууларга Кыргызстандын ар кайсы православ чиркөө коомдорунан келген 70тен ашык адам катышты.









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.