Бишкекте конфессиялар аралык ишембилик өттү

  25 апреля 2018   На русском
В Бишкеке состоялся межконфессиональный субботник

21-апрелде өкмөттүн «Таза жашоо» улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында жана конфессиялар аралык мамилелерди бекемдөө үчүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия ЕККУ менен биргеликте ишембилик өткөрдү. Иш-чарага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жана ЕККУнун жетекчилигинен жана кызматкерлеринен тышкары, ар кандай конфессиялардын өкүлдөрү, жалпысынан болжол менен 80 адам катышты. Ишембилик убагында Биринчи май районундагы Жаштар паркынын аймагы тазаланып жана көчөттөр отургузулду.

Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын атынан епархиянын катчысы Алексей Сыромятников, жаштар иштери боюнча бөлүмдүн жетекчиси иерей Илья Меляков жана Бишкектин православ жаштар клубунун волонтерлору катышты. Өз сөзүндө епархиянын катчысы Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын башчысы Улуу урматтуу Даниилдин, Бишкек жана Кыргызстан епископунун саламын жолдоду жана мындай иш-чаралар биздин сүйүктүү шаарда экологиялык кырдаалды жана климатты жакшыртып гана койбостон, конфессиялар аралык жана этностор аралык кызматташтыкты жана ынтымакты бекемдей турганына ишеничин билдирди. Алексей Ата бак отургузууну бакубатчылыктын жана жайлуулуктун орду гана эмес, адамдар ортосундагы кайрымдуу адамдык мамилелердин орду болгон Эдем багы менен салыштырды.

Ишембилик ынтымактын жана биримдиктин атмосферасында өттү.









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.