2018-жылдын 4-майында Ленинград блокадачыларынын мемориалдык комплексинде салтка айланып калган “Балдар – Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине!” концерти болду.
Урматтуу Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери, Ленинград блокадачылары, эмгектин ардагерлери! Сиздерде келе жаткан майрамыңыздар – Улуу Жеңиш күнү менен куттуктайбыз!
Биздин педагогикалык максатыбыз: Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында немец-фашисттерин кыйраткан, эркиндикти жана биздин Ата Мекенибиздин эгемендигин сактап калган Советтер Союзунун элдеринин түбөлүк эрдигин сактап жана болочок муундарга өткөрүп берүү.
- Согуштун көрүстөнүндө эмне үчүн балдардын мүрзөлөрү көбөйүп бара жатат? Эмне үчүн биздин күндөрдө дагы согуштар уланып жатат? Эмне үчүн биздин балдар курман болуп жатат? Балдардын күлбөй калганына ким күнөөлүү? Айрым балдар азыртадан эле согуш оюнун ойногусу келет. Чыныгы бомбаны көргөн балдар өздөрүнүн оюнчук мылтыктарын сындырып, эч качан чыныгы мылтыктан ок чыгаргысы келбей калат.
Жараткан, чоңдорго акыл-эс менен сүйүү бер! Бизге тынчтык бере гөр!