2018-жылдын 6-майында, пасха боюнча 5-аптада, самарянкада, Престольный майрамында Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил епископ Даниил Токмок шаарындагы улуу азап тартуучу Георгий Победоносец храмында Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү.
Улуу урматтуу менен бирге төмөнкүлөр кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, улуу азап тартуучу Георгий Победоносец храмынын насаатчысы протоиерей Александр Атаманов, иерей Георгий Дворовой, иерей Евгений Циклаури.
Кудайга сыйынуу литургиясы бүткөндө храмдын айланасына Кресттүү жүрүш жасалды. Андан кийин владыка Даниил келүүчүлөргө архипастырлык сөзү менен кайрылды.
Епископ өзүнүн сөзүндө Иаков казып койгон кудуктун жанында болгон Христос менен самарянканын маеги тууралуу айтып берди. “Иудей айылына бара жаткан жолдо Кудай кудуктун жанына токтоп, Өзүнүн сөзү менен билим берүү үчүн Өзүнүн кудурети менен кудукка алып келген самарянка менен маектешкен. Бул маек Кудайдын сөзү катары бийик жана шол эле учурда адам катары жөнөкөй дагы болгон. Кудуктун жанында туруп, Кудай самарянкадан суу сураган. Бул өтүнүч аялды абдан таң калтырган, анткени иудейлер самаряндарды өздөрүнөн төмөн катары эсептешкен. Аял суу сузуп алгыдай эч нерсе жок экенин айткан. Ага Кудай жооп берди: эгер сен Ким мнен сүйлөшүп жатканыңды билсең, анда сен өзүң менден жандуу суу сурайт элең. Ошонтип экөөнүн ортосунда жандуу суу тууралуу маек болгон, жандуу суу Жаңы насаат мезгилин Кудай бизге ачып берген евангелиянын жакшы кабары, андан биз түбөлүк жашоо берген булакты табабыз. Жанында турган киши жөнөкөй адам эмес экенин түшүнгөн самарянка ал тууралуу айылындагы адамдарга айтып берген. Ушундан кийин Кудай ал жерге барган. Самарянкадан кабар уккан кишилер өздөрү Кудайга келишкен, өз көздөрү менен Кудайды көрүшүп, Христке ишенип жана сыйына башташкан”.
Андан кийин владыка храмга келгендерге кайрылып, бүгүнкү күн – улуу азап тартуучу Георгий Победоносецти эскерүүчү күн экендигин айтты. “Ал азап тартып өлгөн учурда кезегинде өзү Христтен алган жандуу суунун булагы чыккан. Победоносец Георгий бийликтердин, өлкөлөрдүн, шаарлардын коргоочусу. Ага православ христиандардын баары өзгөчө сүйүү менен мамиле жасашат. Ал булак – Христтен келген булак, ал эми биз андан азык алабыз. Победоносец Георгийден биздин жерибизди, шаарыбызды, аскерибизди коргоону жана бизге тынчтык жана кут берүүнү суранабыз – булар Кудайдын улуу кудурети жана ырайымы. Биздин бузулган адамдык насилибиз айлананын баарын талкалап жатат, ошондуктан Кудайдын ырайымы биздин күнөөлүү аракеттерибиз менен талкалоо эмес, биз Христке ишенгенде Кудайдын буйругу менен жаралып жаткан нерселер болот. Ошондо биз өзүбүз оңолобуз жана биздин айланабыз дагы оңолот”.
Проповедден кийин владыка Даниил храмдын насаатчысы протоиерей Александр Атамановду жана келгендерди престольный майрамы менен куттуктады. “Сиздерде улуу азап тартуучу Георгийдин кубаттары бар, силер бүткүл өлкө үчүн сыйынып, андан жардам сураганда, ал силердин алдыңарда тирүү тургандай болот”.