Ошто Пасхага арналган бир туугандык беттешүү өттү

  06 мая 2018   На русском
В Оше прошел Пасхальный братский турнир

2018-жылдын 6-майында Архистратиг Божий Михаил храмынын алдындагы «Светоч» ПЧДМ футбол аянтында салтка айланып калган Ош шаарындагы мини-футбол боюнча христиандык командалардын ортосунда Пасхалык бир туугандык беттешүүлөр өттү.

Мелдешке 6 команда катышты: Светоч 1, Светоч 2, Реабцентр, (СБ)Слово Бога, Саламат, Связь.

Бул мелдеш Ош шаарында жылына эки жолу өтүп турат - Рождестводо жана Пасхада. Айыгышкан таймаштардын жыйынтыгында орундар төмөнкүчө бөлүндү: 4-орунду Светоч 2 командасы алды, 3-орунда – Саламат, 2-орунда - СБ, 1-орунду – Связь командасы ээледи. Связь командасы чемпиондук титулун жана өтмө кубокту сактап калды, ошондой эле «Светоч» футбол клубунун президенти протоиерей Виктор Реймген жакында Россияда боло турган 2018-жылдагы Дүйнө чемпионатынын логотиби бар топту жеңүүчүлөргө тапшырды. 
 









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.