Епископ Даниил Президент Сооронбай Жээнбековду жана жалпы Кыргызстандын элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктады

  08 мая 2018   На русском

Улуу урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сизди жана жалпы Кыргызстандын калкын Улуу Жеңиш майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Биздин элдерибиздин майдандагы жана эмгектеги эрдиги, биздин жалпы Мекенибиздин эркиндигин сактап калгандардын, согуштун бардык сыноолорун көтөрүп, өлкөнү кайра куруп чыккандардын каармандыгы жана талыкпас эмгеги дайыма биздин жүрөгүбүздө жана эс тутумубузда жарандыктын жана мекенчилдиктин, биримдиктин жана руханий күч-убаттын, жалпы максат үчүн биригүүнүн жогорку үлгүсү катары сакталып кала берет! 

Эбегейсиз баа менен жеткен жеңиш бүгүн дагы бизге жаңы эрдиктерди жасоого дем берип, кыйынчылыктарды жана жашоонун сынактарын жеңип өтүүгө, алдыга карай ишенимдүү кадам таштоого жардам берет.

Жаратканга сыйынуу менен Сизге, урматтуу Сооронбай Шарипович, жана жалпы Кыргызстандын элине ден соолук жана байгерчилик, Кудайдын колдоосун жана ачык асман каалайм!

Сизди терең урматтоо менен,


Бишкек жана Кыргызстан епискобу,

Бишкек, 2018-жылдын 9-майы
 









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.