2018-жылдын 9-майында, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү, Бишкек епархиясынын катчысы протоиерей Алексей Сыромятников, билим берүү жана катехизация бөлүмүнүн башчысы протоиерей Андрей Кунавин, епархиялык бөлүмдөрдүн кызматкерлери, ыйык князь Владимир мектебинин окутуучулары жана окуучулары “Өлбөс полк” акциясына катышты.
Марш Бишкектин Түштүк Дарбазасынан башталып, Совет көчөсү аркылуу Фрунзе көчөсүнө чейин жүрдү. Мындан тышкары, ага удаалаш түрдө Эски аянттан “Өлбөс полк” жүрүшү башталып, маршруттар шаардын чок ортосунан кошулду. Акция “Жеңиш” аянтындагы түбөлүк оттун жанында өткөн Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерген митинг-реквием менен аяктады.
Акциянын ар бир катышуучусу колуна согушка катышкан өзүнүн тууганынын сүрөтүн кармап, “Өлбөс полк” колоннасы менен басып, Улуу Ата Мекендик согуштагы аскерлердин эрдигин эскеришти.
P.S. региондордон келген маалыматтар боюнча, ЖККУнун «Кант» аба базасында, Чолпон-Атада жана Жалал-Абадда жергиликтүү чиркөөлөрдүн дин кызматчылары менен келүүчүлөрү “Өлбөс полк” акциясына катышты.