Чебоксары жана Чувашия митрополити Варнаванын чакыруусу менен епископ Даниил Чебоксары жана Чувашия митрополиясына расмий сапар менен барды. Сапардын жүрүшүндө владыка Даниил Чебоксары жана Чувашия митрополиясынын башчысы – митрополит Варнава менен жолугушту.
Ядрино шаарындагы Ыйык-Троицк соборунда владыка Даниил Алатырь жана Порецк епискобу Феодор, Чувашия митрополиясынын жана Бишкек епархиясынын дин кызматчылары менен бирге Кудайга сыйынуу Литургиясын өткөрдү. Улуу урматтуу ошондой эле жергиликтүү ыйык жерлер жана Чебоксары жана Чувашия митрополиясынын турмушу менен таанышты.