2018-жылдын 15-майында Ысык-Көл чиркөө округунун Түп айылдындагы эстелик Крестинде динге каршы күрөшкөн режимден жабыркаган кыргызстандык дин кызматкерлеринин, монахтардын жана динге ишенген адамдардын ысымы жазылган мрамор плита орнотулду. Тизмеде Кыргызстан Мартирологунда жазылган ысымдар көрсөтүлгөн.
Эске сала кетсек, 2017-жылдын күн айында Ысык-Көл чиркөө округунун Түп айылда эстелик крести орнотулган. Бул окуя большевиктик динге каршы күрөш жылдары өлтүрүлгөн жана репрессияланган түптүктөрдүн эстелигине арналган. Түп айылынын сыртында жайгашкан «Бабий лог» деп аталган жерде советтик бийликти орнотуу убагында, өткөн кылымдын 20-жылдарынан баштап жана 40-жылдардын аягына чейин ондогон биздин мекендештер – христиандар атылган.