Ыйык князь Владимир мектебинде «Үй-бүлөм менен сыймыктанам!» акциясы болду

  17 мая 2018   На русском
В школе святого князя Владимира состоялась акция «Горжусь своей семьей!»

2018-жылдын 15-майында Ыйык князь Владимир мектебинде «Үй-бүлөм менен сыймыктанам!» акциясы болду. Акция мектеп окуучуларын руханий-нравалык жана мекенчилдикке тарбиялоо боюнча долбоордун алкагында өттү.

Иш-чарага 1-10-класстардын окуучулары катышты. Окуучулар жарым жыл даярданышкан. Айрым балдар презентацияларды жана чакан-китепчелерди даярдап, аларда өздөрүнүн үй-бүлөсү, ата-бабаларынын тарыхы, алардын өмүрү жана ишмердиги тууралуу баяндашкан. Айрымдары Улуу Ата Мекендик согушка  катышкан туугандары жөнүндө айтышты. Жети жаштагы окуучу Ново-Покровка айылындагы Кудай Эненин иконунун урматындагы храмды жасалгалаган чоң энеси жөнүндө айтып берди. Балдар үй-бүлө мүчөлөрүнүн сүрөттөрү чапталган үй-бүлө багын даярдашкан.

 Мектептин директору Аристова Светлана Ивановна: “Үй-бүлө” сөзүндө  бакыт, тагдыр түшүнүктөрү бар, ал жашоонун маңызы. Адамдын сезимдеринин ичинен эң жакшы сезим – үй-бүлөсүнө болгон сүйүү сезими. Орустун көрүнүктүү педаогогу К.Д. Ушинский чыныгы тарбиялуу жана маданияттуу адам өткөн муундардын салттарын жана каадаларын сактаган, өткөн чактын, учур чактын жана келечектин байланышы бар чөйрөдө гана болоорун белгилеген”.

Бул күнү ар бир окуучу өзүнүн ата-энесине сүйүү сезимин билдирип, “Мен үй-бүлөм менен сыймыктанам” деп салтанаттуу жар салышты.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.