2018-жылдын 17-майында, Пасханын 6-седьмицасында, Вознесения Господня майрамында, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү.
Улуу Урматтуу менен бирге протоиерей Валентин Никонов, иерей Георгий Дворовой кызмат өтөштү.
Сыйынуунун соңунда епископ Даниил келгендерге архипастырлык сөзү менен кайрылып, улуу майрам жөнүндө, Кудай асманга көтөрүлгөндө өзүнүн шакирттерине Ыйык Духтун жакында жерге түшөөрүн, “акыр заманга чейин” Чиркөө менен бирге болоорун билдиргенин, майрамдын руханий мааниси ушул экендигин айтып берди.