2018-жылдын 18-майында Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниилдин Ош благочиндигине расмий сапары башталды.
Адагенде владыка Каракөл шаарындагы преподобный Серафим Саровский храмына барды.
Улуу урматтууну храмдын насаатчысы иеромонах Никита (Ерещенко) жана келүүчүлөр тосуп алышты. Жолугушуудан кийин преподобный Серафим Саровскийге ыраазылык билдирүү молебени өткөрүлдү.
Молебен бүткөндөн кийин владыка Даниил келгендерге архипастырлык сөзү менен кайрылып, храмдын насаатчысына жана дин жолундагыларга бизин Чиркөөнүн өнүгүшү үчүн жасап жаткан эмгектери үчүн ыраазычылык билдирди.
Епископ храмга асыл таштар менен шөкөттөлгөн Кудай Эне Троеручица иконун тапшырды. Ошондой эле владыка Иерусалимден ала келген жыгач кресттерди келгендерге тартуулады.
Троеручица образын жазган Иоанн Дамаскин тууралуу айтып берген владыка Даниил адамдарга бата берип, баарына тынчтык, бейпилдик, Кудайдын ырайымын жана чыдамкайлык каалады.