Ош благочиндигине Архипастырлык расмий сапар. Епископ Даниил Каракөл шаарынын мэриясына барды

  20 мая 2018   На русском
Архипастырский визит в Ошское благочиние. Епископ Даниил посетил мэрию города Каракуль

2018-жылдын 18-майында, преподобный Серафим Саровский храмындагы молебень өткөндөн кийин дароо Епископ Даниил Каракөл шаарынын мэриясына барды.

Администрациянын имаратында Улуу Урматтууну аппарат башчысы Айша Анарбаева жана имам Кересбаев Бекжан ажы тосуп алышты.

Владыка имамды Рамазан айы мене куттуктап, бардык мусулмандарга орозо тутууда чыдамдуулук жана Кудайдын колдоосун тиледи.

Жылуу маектешүү үстүндө тараптар Кыргызстан элдеринин диндер аралык жана улуттар аралык бир туугандык мамилелеринин маанисин белгилеп кетишти.

Владыка Даниил авто унаанын терезесинен көргөн Кыргызстандын жаратылышынын кооздугунан таасир алганын айтты. Улуу урматтуу алгачкы жолу Ош благочиндигине автоунаа менен келди.

Каракөл шаарынын тазалыгын жана жайлуулугун белгилеген владыка шаардын бийлигине дайыма ага кам көрүүнү каалап кетти: “Бийликтегилерге Кудай шаарга кам көрүү үчүн күч-кубат берсин. Өзүм сыйынганда дайыма Кудайдан бул керемет өрөөнгө тынчтык, элдерибизге гүлдөп-өнүгүү сурап турам”, - деди ал.

 Өз кезегинде аппарат жетекчиси владыкага расмий сапары үчүн ыраазылык билдирип, Орус Православ Чиркөөсүнүн жетекчисин кабыл алуу ал үчүн сыймык экендигин айтты.

Имам Бекжан ажы дагы өткөн жолугушуунун маанисин баса белгилеп, бул жолугушуу православдар менен мусулмандардын ортосунда ак ниет мамиле бар экенин далилдеп турганын айтты: “Кудуреттүү Кудай бул тынчтыкты сактасын”, - деди имам.

Жолугушуунун соңунда владыка Даниил мэияга  «По стопам апостола Фомы» жага «Киргизстанский мартиролог» китептерин белекке берди.

Тараптар бири-бирине ыраазычылык билдирип, биргелешкен долбоорлорду өткөрүү жөнүндө макулдашып, жылуу коштошушту.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.