2018-жылдын 19-майында, Всенощное бдение аяктаары менен, епископ Даниил Бишкек епархиясынын дин кызматчыларынын коштоосунда «Светоч» Православ Чиркөөсүнүн Приходдук Мектебинин 15 жылдыгына арналган концертке барды.
Бул салтанат Кыргызстан Праволав Чиркөөсүнүн Архипастырынын Ош благочиндигине болгон расмий сапарынын негизги окуясы болду.
Ош шаарындагы Бабур атындагы Өзбек Академиялык драма театрынын имаратында болгон концерт эки саатка созулду.
«Светоч» ПЧПМ директору протоиерей Виктор Реймгендин жана администратору Ирина Реймгендин куттуктоо сөздөрүнөн кийин Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил, Кыргызстандагы Россия Федерациясынын башкы консулу Р.В. Свистин, РЦНК Ош кеңсесинин жетекчиси В.Н. Алексеев, «Содружество» ассоциациясынын төрагасы Е.Л. Треславский, Бишкектеги ыйык князь Владимир билим берүү мектебинин директору С.И. Аристова, епархиянын билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Андрей Кунавин, “Грамотей” мектебинин директору Л.Р. Акбаралиева жана башка расмий кызмат адамдары жана меймандар куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Концерттик программада залга толгон көрүүчүлөр мектеп окуучуларынын мыкты хореографиялык номерлерин, «Южное созвездие» театр студиясынын тамашалуу оюунун, «Светоч» футбол мектебинин көргөзмөлүү оюнун, «Наследие» аскердик-патриоттук клубунун желек алып чыгуу салтанатын, ошондой эле мектептин жана шаардын башка чыгармачыл жамааттарынын даярдап келген номерлерин көрүштү.
Театрдын фойесинде «Золотая кисточка» көркөм студиясында окуган жана башка кол өнөрчүлүк ийримдерине катышкан мектеп окуучуларынын чыгармачылыгынын көргөзмөсү уюштурулду.
Мааракең кут болсун, «Светоч», жамаатыңа узак өмүр, билим жана тарбия берүүдө жаңы ийгиликтерди каалайбыз.