Епископ Даниил тең апостол Ольга княгинья храмында Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү

  22 мая 2018   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию в храме равноапостольной княгини Ольги

2018-жылдын 22-майында, Пасханын 7-жетилигинде, чудотворец Николайдын сөөгү Мир Ликийскийден Бариге көчүрүлгөн күнү, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил тең апостол Ольга княгинья храмында Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү.

Улуу урматтуу менен бирге төмөнкүлөр  кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, протоиерей Алексей Зайцев, иерей Георгий Дворовой, иерей Андрей Бутаков.

Литургия аяктагандан кийин владыка Даниил келгендерге архипастырлык сөзү менен кайрылып, храмдын насаатчысын жана келүүчүлөрүн ыйык Николайды эскерүү күнү менен куттуктады. “Бүгүн биз адаттын тышкаркы окуяны – италиялыктар ыйык Николайдын сөөгүн Мир Ликийскийден уурдап чыгып, Бари шаарына көчүрүп кеткен күндү эскерип жатабыз. Бул окуяга Кудай өзү уруксат берген, анткени бир аз убактан кийин Миры Ликийские шаарын сарациндер басып алып, ыйык жайларды кордошкон. Ошентип, Кудайга жаккан инсандын сөөгү кордоодон сакталып калган. Ошондуктан бул окуя чыныгы керемет жана Кудайдын ырайымы болуп саналып келет.

Биздин Орус Чиркөөсү Чудотворец Николайды өзгөчө сүйөт. Ар бир храмда ыйык Николайдын иконасы бар. Биз ага чын дилден сыйынабыз жана н жашообузда дайыма анын жардамын сезип келебиз”.

Бул күнү владыка Даниил иерей Андрей Бутаковду хиротониянын он жылдыгы менен куттуктады: “Он жыл мурда мындай благодать алган Андрей ата Христтин Чиркөсү үчүн талыкпай эмгектенип келет. Ага ден соолук жана узун өмүр жана Кудайдын алдында узак кызмат өтөшүн каалайбыз. Анын он жылдык тажрыйбасы – жан дүйнөнү сактап калуунун, пастырлык кызмат өтөөнүн үлгүсү, анын сөзүнүн бекемдигинин далили. Биз ага узак жана такыба жашоо каалайбыз”.

 Сөзүнүн соңунда владыка келүүчүлөргө батасын берип, Кудайдын ырайымына жетүүнү тиледи.  









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.