Епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды

  04 июня 2018   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2018-жылдын 3-июнунда, Элүүлүк боюнча 1-жумада, бардык ыйыктар, тең асоптолдук падыша Константинди жана анын энеси канайым Еленаны эскерүү күнү, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.

Улуу урматтуу Аны менен собордун клириктери кызмат өтөштү: протоиерей Андрей Кунавин, иерей Георгий Дворовой.

Литургия аяктагандан кийин башчы Даниил чиркөөгө келген адамдарды аалам жаралгандан тартып азыркы убакка чейинки бардык канондоштурулган ыйыктардын майрамына байланыштуу, Периште күнү менен куттуктады. «Бүгүн Жекшемби күн менен жана Владимирден Москва шаарына алынып келинген, азыркыга чейин ошол жерде болгон Кудай Эненин Владимир иконасынын майрамы – эскерүү күнү (1521-жылы Москваны Махмет-Гирей крым ханынын кол салуусунан куткарууну эскерүү иретинде белгиленген майрам) менен дал келген, улуу майрам».

Башчы Даниил 4-июндан тартып Орус Православ Чиркөөсүнүн уставы боюнча Петров посту башталаарын эскертти жана пост сактай турган бардык адамдарга архипастырлык батасын берди. Пост 12-июлга – алгачкы динчил апостолдор Петр жана Павелди эскерүү майрамына чейин созулат. «Бул пост жеңил, - деди башчы, - шаршемби жана жума күндөн тышкары балыкты жегенге болот. Эгер кимдир бирөөнүн ден соолугу сүт азыктарынан баш тартууга мүмкүнчүлүк бербесе, анда тобокелге барбаңыздар жана аларды ченеми менен пайдаланыңыздар».

Улуу урматтуу Ал 9 жана 10-июнда майрам алдындагы сыйынуу жана Кудайга сыйынуу литургиясы (Ысык-Көлдүк Ираклийди эскерүү күнү) өзгөчө салтанаттуу чин менен аткарыла турганын жарыялады. Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунда Аны менен бирге Бишкек епархиясынын бардык дин кызматкерлери кызмат кылышат. Башчы бул күндөрү чиркөө коомдорунда, Владимир соборундагы таңкы литургиядан тышкары кызмат өтөөлөр болбой турганын эскертти. «Өлкөнүн бардык дин кызматкерлери бул жерде болот. Биз кудайга кызмат кылган атабыз – Ысык-Көлдүй Ираклийди эскерип даңктайбыз». Чиркөөгө келген адамдар менен күнүмдүк көйгөйлөр тууралуу сүйлөшүп, епископ Даниил баарына жан дүйнө жана дене бой саламаттыгын, бардык кылган ишинде Кудайдын жардам кылуусун каалады.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.