РФ ФКК чек ара кызматынын түзүлгөнүнө 100 жыл

  06 июня 2018   На русском
100 лет со Дня образования пограничной службы ФСБ РФ

Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниилдин ыраазычылыгы менен Куралдуу күчтөр менен өз ара аракеттенүү боюнча епархия бөлүмүнүн жетекчиси иерей Евгений Циклауринин Кыргыз Республикасындагы Россия ФКК ыкчам-чек ара тобунун (ЫЧТ) начальниги полковник Нечепуренко Дмитрий Николаевич менен жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө бөлүм башчы башкаруучу архиерей, епископ Даниилдин начальниктин жана РФ ФКК ЫЧТ өздүк курамынын дарегине куттуктоо сөзүн окуду.

Жолугушуунун соңунда командачылыкка жана өздүк курамга, атап айтканда алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө ушул жылдын 26-июнунан тартып 30-июнга чейин Ысык-Көлдөгү “Держинец” балдар лагеринде өтө турган балдар-өспүрүмдөр фестивалына катышууну сунуштады.

 

 

 

Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниилдин куттуктоосу

Урматтуу Дмитрий Николаевич!

Бул майрам күнү Сизди, командалыкты жана Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын ФКК Ыкчам Чек ара тобунун бүтүндөй өздүк курамын Россиянын чек ара кызматынын түзүлгөнүнө 100 жыл толгон маараке менен куттуктоого уруксат этиңиз!

Чек ара кызматынын тамыры байырка заманда жатат: баатырлардын заставалары жана чек ара шаарлары байыркы Руста курулуп баштаган. Бирок чек ара аскеринин расмий туулган күнү катары 1918-жылдын 28-майы эсептелет жана ошондой бери чек ара аскери Россия мамлекетинин ишенимдүү калканы бойдон калууда!

Азыркы опурталдуу учурда сиздердин мойнуңуздарга чоң жоопкерчилик жүктөлгөн жана силер – россиялыктардын гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия регионунун тынч жашоосунун кепили болуп келесиздер.

Кудай ишиңерге жардамчы болуп жана Силердин кесипкөйлүгүңөр жана акылмандыгыңар, өз милдетиңерге берилгендигиңер жана офицердик ар-намыска ишенимдүүлүгүңөр арта берсин!

Сыйынуу менен Сизге, ошондой эле бардык аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө тынчтык, ден соолук жана жыргалчылык, жан дүйнө жана дене бой күч-кубатын, Мекенге кызмат кылууда ийгиликтерди каалайм.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.