Епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды

  18 июня 2018   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2018-жылдын 17-июнунда, Элүүлүктүн 3-аптасында, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.

Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: протоиерей Андрей Кунавин, иерей Георгий Дворовой.

Кудайга сыйынуу аяктагандан кийин башчы Даниил чиркөөгө келген адамдарга архипастырлык насаат сөзү менен кайрылды, анда Улуу урматтуу Ал жекшемби күнкү евангелие окуусун түшүндүрүп берди.

 «Жекшемби күнкү Евангелие башталган сөз деп айтылган – эгер сиздин көзүңүз караңгы болсо, анда сиздин денеңиз дагы караңгы. Бул жерде Жараткан биздин тышкы жана ички абалыбыз тууралуу айтып жатат. Ыйык Иоанн Златоуст биздин денебиз биздин ички дүйнөбүздүн далили экени тууралуу айткан. Эгер мен ичимден кыжырданып турсам, анда, албетте, бул сыртта дагы, менин көз карашымда, сүйлөгөнүмдө жана жүрүм-турумумда дагы көрүнүп турат. Азыр Петров посту жүрүп жатат, ал эми пост убагында өзүбүздүн ички жан дүйнөбүздүн абалына өзгөчө көңүл бурушубуз керек, токтоо болууга, Кудай тууралуу ой жүгүртүүгө, тобо кылууга үйрөнүшүбүз керек. Биздин жан дүйнөнү куткаруу жөнүндө терең ойлонушубуз керек, болбосо буга аз гана убакыт берилген. Биз жердеги жашообуз бүткөндө Жараткандын алдына эмне менен бара турганыбызды ойлонушубуз керек. Анткени, бүгүн жана азыр биз өзүбүздүн түбөлүк жашообуздун тарыхын жаратып жатабыз. Албетте, бизге абдан кыйын. Биздин эл кудайды жээриген мезгилди башынан өткөрдү. Бизге Кудай жок деп активдүү пропагандалап келишти. Бул кудайды жээриген абалда бир нече муун өстү. Бирок, азыр, Кудай жалгап, храмдар ачык. Биз куткаруу ишин ыраазычылык жана урматтоо менен жасашыбыз керек. Кудайды жээрүү биздин элди эмнеге алып келгенин көрүп турабыз. Үй-бүлөлөр бузулду, карыялар жакырчылыкта калды, кан төгүлгөн согуштар, алкоголизм, баңгилик, уятсыздык жана бузукулук – мунун баары биздин элдин Кудайдан баш тартуусунун кесепети. Кудайсыз, Түбөлүк жашоо тууралуу билимсиз жана ишенимсиз элде жашоонун мааниси болбойт. Динге ишенбеген адам ал өлгөндөн кийин баары бүтөт деп ойлойт, дал ушул жалган билим ага баарына жетишип калгандай жашоо ниетин берет. Мунун баары аны ооруга, кыйроого жана кайгыга гана алып келбестен, эң башкысы аны түбөлүк жок болууга алып келет. Кудайга ишенүү гана адамга анын жашоо жолунун маанисин түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет – ал эми бул түшүнүү үчүн абдан жөнөкөй, биз өзүбүздүн жердеги жашообузда өзүбүздү түбөлүк жашоого камдайбыз. Ал эми ал жакта эки жол бар – түбөлүк жашоо же түбөлүк өлүм. Биз Кудайдын храмына эмне үчүн барып жатканыбызды түшүнүшүбүз керек – шам жагуу үчүн эмес, убакытты өткөрүү үчүн эмес, кандайдыр бир салтты аткаруу үчүн эмес. Жок! Храм – бизди куткара турган орун. Бул Чиркөөнүн Сыры аркылуу – тобо кылуу жана причастие аркылуу, терең жана собордук сыйынуу аркылуу, биздин ыйыктар менен сыйынып баарлашуу аркылуу ишке ашат».

Архипастырлык сөзүнүн аягында епископ Даниил чиркөөгө келгендерге түбөлүк куткарууну, Кудайдын жардамын, дененин жана жан дүйнөнүн саламаттыгын каалады.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.