«Тихвинская. Слезоточивая» Кудай Эне Иконасы: Ташкент епархиясында 5 жыл

  28 июня 2018   На русском
Икона Божией Матери «Тихвинская. Слезоточивая»: 5 лет в Ташкентской епархии

2018-жылдын 27-июнунда Ташкент епархиясында керемет алып келүүчү «Тихвинская. Слезоточивая» Кудай Эне иконасы алынып келгенинин беш жылдыгы белгиленди. Бул күнү Орто Азия митрополия округунун башчысы, Ташкент жана Өзбекстан митрополити  Викентий Дүйшөмбү жана Тажикистан епискобу Питиримдин, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниилдин, ошондой эле Ташкен жана Гулистан округдарынын клириктеринин тең кызмат кылуусунда епархиянын башкы храмында - Ташкен шаарындагы Ыйык Кудай Энени эскерүү кафедралдык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын жетектеди.  Кечинде салтанаттуу сыйынуу менен кызмат кылынды.

Кудайга сыйынуу литургиясы аяктагандан кийин митрополит Викентий «Тихвинская. Слезоточивая» Ыйык Кудай Эненин образы алдында сыйынууну аткарды. Андан кийин даңктоо ыры ырдалды, андан соң башчы Викентий сыйынган адамдарга өзүнүн архипастырлык сөзү менен кайрылды:

«Бүгүн биз үчүн өзгөчө күн, биз Ыйык Кудай Эненин өзгөчө мээримдүүлүгүн эскерип жатабыз. XIV кылымдын аягында 1390-жылдары бул «Тихвинская» Кудай Эне иконасын Константинополдон кетип, Россия жеринде, Новгород жеринде кереметтүү түрдө пайда болгон. Биз үчүн бул өзгөчө көрүнүш, Кудай Эненин Орус Православ Чиркөөсүнүн чегинде бул жерде жашап жаткан бизге карата өзгөчө ырайым кылуусу.

Бирок биздин убакта, 2012-2013-жылдары XIV кылымдагыга окшош керемет иш болду. Бул икона XIX кылымдын аягында ХХ кылымдын башталышында Афондо Ташкен шаарынын Ыйык Кудай Энени Эскерүү храмы үчүн тартылган. Бул храм мурун темир жол бекетинин жанында жайгашкан. Кудайды жэриген жылдары аны храмдан алып салышкан, ал заводдо жумушчулар үчүн үстөлгө айланган, ал эми кийин ал православ христиан үй-бүлөсүнүн колуна тийген, кийин бул үй-бүлө ишенимди жоготуп, иконаны сатып жиберишкен жана ал Батыш Украинага алынып барылган. Андан кийин икона Киевге алынып барылган жана бизге бул ыйык ошол жерде экенин билдиришкен. Митрополит Владимирдин жана бул икона жайгашкан биринчи Киев дин кызматкери Михаилдин  урматына салынган храмдын настоятелинин ырайымы менен аны бир нече айга Ташкентке алып келишкен, кийин кайра Киевге кайтарылган, андан соң ал кайрадан бизге келди. Дээрлик XIV кылымдагыдай биздин жерде пайда болуп жана кайра жоголгон, эми ал туруктуу түрдө биздин кафедралдык собордо турат жана биз ага сыйынууларыбыз, кыйынчылыктарыбыз, жан дүйнө жана дене бой оорулары менен таазим кылуу жана анын алдында биздин кайгыбызды айтуу, Ыйык Кудай Энеден анын мээримин алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук.

Бул иконада Ыйык Кудай Эненин ризасынын бөлүкчөлөрү бар экени абдан маанилүү. Бул биз сиздер менен ээ болгон абдан чоң ыйык нерсе, анткени бул риза Ыйык Кудай Эненин денесине тийген жана ал Кудай ага анын тазалыгы жана ыйык жашоосу үчүн берген береке менен сиңирилген. Бүгүн биз биздин убакта ишке ашкан улуу кереметти белгилеп жатабыз, ал биздин собордун ыйык нерсеси болуп калды. Бул Кудай Эненин өзгөчө ырайым кылуусу, Кудай Эненин биздин храмга, биздин епархияга жана бүтүндөй Орто Азиялык митрополиттик округга болгон өзгөчө сүйүүсү, анткени бул храм Орто Азиялык митрополиттик округдун борбору болуп саналат.

Ыйык Кудай Эне муну менен бизге Орус Православ Чиркөөсүнүн Синоду менен бирге Ыйык Патриарх Кирилл биздин региондо Ташкентте борбору жайгашкан митрополиттик округду уюштуруу үчүн өзүнүн акылман чечими менен берген башталышка батасын берген. Бул борбор Кудайдын ырайымы менен жана Ыйык Кудай Эненин сыйынуулары менен жарыктандырылган. Бул бизди абдан кубандырат жана биз Кудай Энеге Анын боорукерлиги, ырайымдуулугу үчүн, Ал бизге, биздин регионго, биздин митрополиттик округга, Өзбекстанда, Кыргызстанда, Тажикистанда, Түркмөнстанда жашаган бардык православ адамдарга ырайым кылганы үчүн ыраазыбыз. Ал Өзүнүн күчтүү омофорун, бизге болгон Өзүнүн сүйүүсүн, Өзүнүн кайрымдуулугун ыроолойт жана Ал биздин оор үшкүрүктү угууга жана биздин муктаждыктарыбызда, кайгыбызда бизге жардам берүүгө даяр.

Биз бүгүн бул ыйыктын алдында сыйынып баарлашуу кубанычыбызды, Ыйык Кудай Эненин баарыбызга карата ырайым кылуу кубанычын бөлүшүү үчүн  келген Орто Азиялык митрополиттик округунун архипастырларына ыраазыбыз.

Биз башчы Питиримге, Дүйшөмбү жана Тажикистан епискобуна, башчы Даниилге, Бишкек жана Кыргызстан епискобуна, ошондой эле башчы Феофилактка, Пятигорск жана Черкесск архиепискобуна, Түркмөнстандагы Орус Православ Чиркөөсүнүн Патриархтык чиркөө коомдорун убактылуу башкаруучуга терең ыраазычылык билдиребиз».

Архипастырлык сөзүнөн кийин башчы Викентий Ташкен округунун башчысы митрофордук протоиерей Игорь Балухатинди туулган күнү менен куттуктады жана ага бул улуу майрамды биз менен чогуу белгилегени үчүн ыраазычылык билдирди, анын кылган эмгеги үчүн ыраазычылыгын айтты, ага жан дүйнөнүн жана дененин бекемдигин жана күч-кубатын, Кудайдын жардамын каалады.

Ошондой эле митрополит Викентий Афондон келген конок – иеромонах Кириллди туулган күнү менен куттуктады жана ага бизге келгени жана Улуу Афон Ыйыктарын – Жараткан колу-буту керилип, дарга асылган Жараткандын дарагынын бөлүкчөлөрүн, ыйык азап чегүүчү Георгий Победоносецтин, дин кызматкери  Спиридон Тримифунтскийдин, ыйык Иосиф Исихасттык жана башкалардын кубатынын бөлүкчөлөрүн ала келгени үчүн ыраазычылык билдирди.

Ташкент жана Өзбекстан епархиясынын пресс-кызматы









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.