Алгачкы жогорку апостолдор Петрди жана Павелди эскерүү күнү епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды

  13 июля 2018   На русском
В день памяти первоверховных апостолов Петра и Павла епископ Даниил совершил Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2018-жылдын 12-июлунда, Элүүлүктүн 7-жумасында, ыйык, даңктуу жана мактоого татыктуу жана алгачкы жогорку апостолдор Петрди жана Павелди эскерүү күнү, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.

Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, протоиерей Андрей Кунавин, иерей Георгий Дворовой.

Литургиянын соңунда ыйык алгачкы жогорку апостолду даңктоо аткарылды.

Кудайга сыйынуу аяктагандан кийин епископ Даниил келген адамдарга архипастырлык сөзү менен кайрылды, анда ыйык апостолдордун өмүрү, кызматы жана азап чегүү менен өлүмү тууралуу айтып берди.

Апостолдорду ирет катары жана Христов Чиркөөсүнө кылган эмгеги боюнча жогорку деп аташат.

Ыйык апостол Петр мурун Симон деген ат менен жүргөн, үйлөнүп, балалуу болгон. Ал жалындуу, кудайдан корккон жана берилип кызмат кылган адам болгон. Жараткан ага Кифа атын ыйгарган, бул Петр, башкача айтканда таш дегенди түшүндүрөт. Өзүнүн үч окуучусунун ичинде Жараткан Петрга Фавордо Кудай даңкынын күбөсү болууну ыйгарган.

Петр өзүнүн Христтен баш тартуусун өкүнүүнүн ачуу көз жаш менен жууган. Апостол Петр белгилүү диний үгүттөөчү болгон. Анын сөзүнүн күчү ушунчалык күчтүү болгондуктан, Христке үч, беш миң адамды кайрылууга түрткөн. Апостол Петр Евангелияны үгүттөө менен беш саякатты жасаган. Акыркы саякатты Римде аяктаган. Ал жерде апостол Петр колу-буту керилип өлтүрүлгөн. Ал кыйноочулардан өзүн башын төмөн каратып керүүнү өтүнгөн, муну менен ал өзүнүн азап чегүүлөрүнүн жана өзүнүн Ыйык Окутуучусунун азап чегүүлөрүнүн ортосундагы айырманы көрсөтүүнү каалаган.

Буга чейин Савл деген еврей ысымын алып жүргөн, ыйык апостол Павелдин кайрылуу окуясы керемет.

Иудей мыйзамында тарбияланган Савл Христов Чиркөөсүн жек көргөн жана жээриген. Бир ирет, ал Дамаскка христиандарга каршы синедриондон кат менен жакындаганда, капысынан ага асмандан жарык түшкөн. Ал жерге кулап жана ага айтылган үндү уккан: Савл, Савл! Сен эмнеге Мени кууп жатасың? Ал айтат: Сен кимсиң, Жараткан? Жараткан айтат: Мен, сен кууп жаткан Иисусмун. Сенин билип туруп каршы чыгууңа кыйын. Ал коркуп деп айтат: Жараткан! Мени эмне кыл дейсиң? Жараткан ага айтат: тур дагы, шаарга бар; сага эмне кылуу керектиги айтылат. Ушундан кийин христианчылыкты жектеген адам Евангелиянын үгүттөөчүсү болуп калат. Павелдин өмүрү, жоруктары, сөздөрү, кайрылуулары – баары анын Кудайдын берекесинин тандалган тамыры катары күбөлөндүрүп турат. Кайгы дагы, кысылуу дагы, куугунтук дагы, ачкалык дагы, жылаңачтык дагы, коркунуч дагы, кылыч дагы, өлүм дагы  Павелдин жүрөгүндөгү Кудайга болгон сүйүүнү алсызданта алган эмес.

Ал иудейлерге жана өзгөчө бутпарастарга Евангелияны үгүттөө үчүн ар кайсы өлкөлөргө тынымсыз саякат жасаган. Бул саякаттар үгүттөөнүн бөтөнчө күчү, кереметтер, талбас эмгек, бүтпөс чыдамкайлык жана өмүрдүн жогорку ыйыктыгы менен коштолгон. Православ Чиркөөсү апостолдор Петрды жана Павелди батыш караңгылыгын жарыктандыргандар катары даңктайт, Петрдун бекемдигин жана Павелдин акылын даңктайт жана аларда күнөө жасагандардын жана оң жолго түшкөндөрдүн кейибин, апостол Петрда – Жараткандан баш тартып жана тобо кылган кейипти, апостол Павелде – Жараткандын үгүтүнө каршы турган жана кийин түз жолго түшкөн кейипти берет.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.