Епископ Даниил Владимир соборунда Кудайга сыйынуу Литургиясын өткөрдү

  07 августа 2018   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию во Владимирском соборе

2018-жылдын 5-августунда, Элүүлүктүн 10-аптасында, кудай Эненин Посаев иконасын эскерүү күнү, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил ыйык тең апостол князь Владимир соборунда Кудайга сыйынуу Литургиясын өткөрдү.

Улуу урматтуу Аны менен төмөнкүлөр бирге кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, протоиерей Алексей Зайцев, иерей Георгий Дворовой.

Сыйынуунун жүрүшүндө башчы Александра Аношкинди дин кызматчылыгына өткөрүү боюнча хиротония жүргүздү.

«Александр ата, бүгүн мен сизге пастырлык кызматыңызды татыктуу өтөө үчүн Кудайдан күч-кубат сурайм. Дин кызматкерлери – Ыйык Рухтун өзгөчө маанилүү кызматы– Кудайга сыйынууну аткаруу милдети жүктөлгөн адамдар. Архиерей Сизге хиротония аркылуу делегациялап жатканы – бул архиепископтор биринчи дин кызматкерлерине жана диакондорго кол койгон байыркы салт. Бул кол коюу аркылуу, сыйынуулар аркылуу өзгөчө береке тартуусу жаралат. Дин кызматкерине сырдуу иш жасоо, Христ үйүрүнүн койлорун кайтаруу жана диний үгүттөө мүмкүнчүлүгү берилет. Кудайга жана адамдарга татыктуу кызмат кылуу үчүн, дин кызматкерине Ыйык Рухтун берекесинин бүтүндөй толуктугу берилген. Кудайды сүйүү керек жана Кудайдын элин сүйүү керек. Адамдарга мээримдүү, сый-урмат жана ардактоо менен мамиле кылуу керек. Ыйык Рухтун белектери Христтин сүйүүсү аркылуу гана берилет, ыйыктык жөн гана өзүнүн милдеттерине ынта менен мамиле кылуудан эмес, Кудайдын сүйүүсүнөн жаралат. Сизге тапшырылган пастваны караганда, Сиз аларга Христтин Өзүнө карагандай карашыңыз керек. Сиз ар бир жолу колду көтөрүп жана биздин Жараткандын Денесинин жана Канынын алдында евхаристтик канондо сыйынуу менен, Кудайга сыйынуу литургиясында турганда, Сиз өзүңүздүн жүрөгүңүз менен Кудайдын Өзүн көрүп жана Аны сезип жана Аны менен жашайсыз».




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.