Епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Всенощное бдение өткөрдү

  14 августа 2018   На русском
Епископ Даниил совершил Всенощное бдение в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2018-жылдын 13-августунда,  Пятидесятница боюнча 12-седмицада, Ыйык жана Тирилтүүчү Кудай Крестинин жыгачтарынын пайда болуу майрамында, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Бишкектеги  Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Всенощное бдение өткөрдү.

Улуу Урматтуу менен бирге төмөнкүлөр кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, протоиерей Андрей Кунавин, иерей Сергий Чудайкин, иерей Георгий Дворовой.

Сыйынуунун жүрүшүндө Крест жертвенниктен алынып, Крестке сыйынуу жумасы үчүн орнотулган чин боюнча такка которулду. Владыка Даниил ыйык Крестти ыйык елей менен ысырыктады.

Бул күнү Орус Православ Чиркөөсүндө 1164-жылы Андрей Боголюбскийдин волгалык булгарларды жеңгенин эскерүүнүн урматына  “Ырайымдуу Спас жана Ыйык Кудай Эне майрамы” өткөрүлөт. Такыба князь согушка Владимир Кудай Эненин жана Честный Крест Христов иконаларын ала барган, согушунун алдында чын дилинен сыйынып, Кудай Энеден коргоо жана кам көрүүнү суранган.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:




На главную страницу   Все новости