Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун конференц-залында Бишкек епархиясынын жекшембилик жана жалпы билим берүүчү мектептеринин директорлорунун жана мугалимдеринин август конференциясы болду

  23 августа 2018   На русском
В конференц-зале Свято-Воскресенского кафедрального собора прошло августовское совещание, директоров и учителей воскресных и общеобразовательных школ Бишкекской епархии

2018-жылдын 23-августунда Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын епискобу Даниилдин батасы менен  Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун конференц-залында Бишкек епархиясынын жекшембилик жана жалпы билим берүүчү мектептеринин директорлорунун жана мугалимдеринин август конференциясы болду. Иш-чара Кудайга сыйынуу жана епархиянын билим берүү жана   катехизация бөлүмүнүн жетекчиси протоиерей Андрей Кунавиндин кайрылуу сөзү менен башталды. Кеңешмеге Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын жалпы билим берүүчү мектептеринин директорлору жана бардык жекшембилик мектептеринин мугалимдери катышты.

Мектеп жетекчилери баяндама менен чыгып сүйлөп, иштин жыйынтыктары, жетишкендиктери жана өткөн жылдагы ийгиликтери тууралуу айтып беришти, ошондой эле жекшембилик мектептерге барган балдардын өспүрүм куракка байланыштуу көйгөйлүү жагдайларын чечүү тажрыйбасын алмашышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө келе жаткан жылга балдар жана жаштар үчүн епархиялык иш-чаралардын графиги каралып жана бекитилди, жалпы билим берүүчү жана жекшембилик мектептер үчүн олимпиадаларды өткөрүү мөөнөттөрү аныкталды, балдар-өспүрүмдөр фестивалын жана Рождество балдар-өспүрүмдөр окууларын өткөрүүнүн форматтары аныкталды.

Кеңешмеге ошондой эле жаштар бөлүмүнүн башчысы иерей Илья Меляков катышып, региондон Бишкекке келип жаткан жаштарды андан ары окууга жиберип турууну жана чиркөөнүн турмушуна катышуу үчүн епархиянын жаштар бөлүмүнө тартууну сунуштады.

 









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.