Епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Литургия өткөрдү

  17 сентября 2018   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2018-жылдын 16-сентябрында, Пятидесятница боюнча 16-жумада, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Литургия өткөрдү.

Улуу урматтуу менен катар төмөнкүлөр кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, Санкт-Петербург шаарындагы  Александр-Невский Лаврынын иеромонахы Димитрий (Самойлов) , протоиерей Андрей Кунавин, иерей Георгий Дворовой.

Литургиянын соңунда епископ Даниил архипастырлык сөзү менен кайрылды:

“Бүгүн биз таланттар тууралуу Евангелие окуусун уктук. Таланттар – бул Кудайдын бизге берген белеги. Бул белек  Кудайдын атынан жакшылыкты көбөйтүү үчүн, ошондой эле биздин өзүбүздү сактап калуу үчүн берилет. Кудайдын белегин туура пайдалануу менен биз өзүбүздү сактайбыз, түбөлүк жашоону карай жүрөбүз.

Күндөлүк жашоодо бизди канчалаган куру убаракерчиликтер жана боштук курчап турат! Кээде уйкудан ойгонгонсуп айлананы крайбыз: куру убаракерчилик, кемчиликтер абдан көп. Алар бизди башкы нерселерден алаксытып турат, алардын бизге пайдасы жок, Кудайга да кереги жок. Кудай Өзү бизге берген жана биз көбөйтүшүбүз керек болгон таланттарды сурайт. Ар бир кишиге жакшы сапаттарды көбөйтүү үчүн жана Кудайды даңазалоо жана өзүн куткаруу үчүн талант берилет. Бизге белекке берилген таланттарды кабыл алып жана өнүктүрүү менен биз бул байлыкты көбөйтөбүз, биздин Эгебиз келген күнү Ал бизге бергенден биз Ага көбүрөөктү кайтарып беребиз. “Ошондо Кудай айтат: “Сен азга ишеничтүү болсоң, сага көптү берем”.

Биздин убакта, тилекке каршы, биз Кудай берген белектерге азыраак көңүл бурабыз. Биз көңүлдү заманбап тенденцияларга көбүрөөк бурабыз. Келекчектеги кесипти, адистикти тандоодо, болочоктогу жолду тандоодо көп адамдар материалдык пайданы руханий пайдадан жогору коюшат. Бир билимди алып, алар көбүнчө башка чөйрөлөрдө иштешет, аларга Кудай берген таланттарды жерге көмүп салышат. Биз таланттарды, Ыйык Рух биз төрөлгөндө берген Кудайдын белегин жерге көмгөндө  анын биздин жашообузга тийгизген жакшылыгынан баш тартабыз, өзүбүздүн жашообузду курулай убаракерчилик, зериктирме иш менен оорлотобуз. Ишенип койгула, Кудайдын белегин көбөйтсөк, анда Кудай адамды жалгыз таштабайт. Эң башкысы, адам толук кандуу жашоону жана ички гармонияны сезет.  Ошентип Кудай бизге Өзү берген тартууну Евангелия сөзү менен эскертип турат. Кудай бизге бул байлыкты көбөйтүп турууга жардам берсин”.

Проповедди аяктаган владыка Даниил келүүчүлөрдү жекшемби күнү менен куттуктап, баарына Кудайдын жардамын жана ырайымын, ден соолук жана жан-дүйнөнүн тазалыгын каалады.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.