Покрова Пресвятой Богородицы майрамында епископ Даниил Чалдыбар айылындагы Покров храмында Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү

  15 октября 2018   На русском
В праздник Покрова Пресвятой Богородицы епископ Даниил совершил Божественную литургию в Покровском храме с. Чалдовар

2018-жылдын 14-октябрында, Покрова Пресвятой Богородицы майрамында Бишкек жана  Кыргызстан епискобу Даниил  Беловодск благочиндигине барды. Бишкектен келээри менен владыка Чалдыбар айылындагы Покров храмында өткөн Кудайга сыйынуу литургиясын башкарды. 

Улуу урматтуу епископ менен бирге Литургия өткөрүүгө төмөнкүлөр кызмат өтөштү: Чирчик (Өзбектан) шаарындагы Ыйык-Торицк-Георгиев эркектер монастырынын башчысы игумен Нектарий (Блинов), Беловодск благочиндигинин жетекчиси, Сошествия Святого Духа храмынын башчысы протоиерей Алексий Махров, Чалдыбар айылыгндагы Покров храмынын башчысы иерей Виктор Гончарук, епархиянын башкармалыгынын катчысы, Беловодск айылындагы Архистратиг Божий Михаил храмынын башчысы иерей Александр Пелин, Ыйык­-Воскресеснск кафедралык соборунун клириги иерей Георгий Дворовой.

Кудайга сыйынуучу ырларды Бишкек шаарындагы Владимир соборунун хору аткарды, жетекчиси Ирина Шумилова.

Причастие алдында игумен Нектарий (Блинов) проповедь айтты.

Литургия бүткөндөн кийин владыка Даниил храмды айланта жүргөн Кресттүү жүрүштү башкарды жана Покрова Пресвятой Богородицы майрамын даңазалады.

Андан кийин Улуу урматтуу епископ катышуучуларга архипастырлык сөзү менен кайрылды:

“Православ адамдар өз жүрөгүндө Пречистая Богородицага өзгөчө сүйүүсүн арнашат. Бул сүйүү биздин дубалар, өзгөчө суранычтар, өзгөчө чакырыктар менен билдирилет. Пресвятая Богородица өзүнүн сүйүүсү менен, өзүнүн колдоосу менен  ар бир кишинин жүрөгүн коргоп турат. Бүгүн биз Покрова Божией Матери майрамынын урматына Ага арналган өзгөчө сүйүүбүздү билдирүү үчүн чогулдук.

Бул майрамдын тарыхы мындай: бир жолу, биздин ата-бабаларыбыз язычник болуп турганда Днепрдин жээгинен Кара деңиз аркылуу Царьградды чаап, тоноп алууга жөнөп калышкан. Бул тууралуу билип калган шаар тургундары чогулуп, бул балээден куткарып калуу жөнүндө дуба окуп башташкан. Блаженный Андрей кокусунан Матерь Божия Өз Уулунан православдарды коргоп калууну өтүнүп жатканын көрүп калат. Өзгөчө дуба менен кайрылгандан кийин Кудай Эне Өзүнүн жоолугун алып, храмда сыйынып турган адамдардын баарын аны менен жапкан. Бул Пресвятая Богородица христиандарды колдоп, коргоп жана сактап тургандыгынын белгиси болгон.

Бул майрам абдан символикалуу. Бул символду - Покров Божией Матери – биз баарыбыз күндө өз турмушубузда сезип турабыз. Жеке өзүбүз, же собордо сыйынганда биз дайыма Кудай Куткаруучудан кийин колдоочубуз Кудай Энени эстейбиз. Биз дайыма жөнөкөй сөздөр менен суранабыз: “Пресвятая Богородица бизди коргоп кал! Пресвятая Богородица бизге жардам бер!” – бул сөздөрдө биздин жүрөгүбүз, Ага болгон сүйүүбүз камтылган. Биздин элибизди – Кыргызстанда жана бүткүл дүйнөдө жашагандардын баарына Кудай Эне колдоо көрсөтүп, биздин ынтымактуу, тынч жашообузду коргоп, согуштан жана кайгыдан сактап турат.

Биздин дуба кылганда дайыма ушуларды суранып турушубуз керек, биз дайыма Кудайдан ушуну сурашыбыз керек, дайыма ушуну унутпашыбыз керек, ошондо Ал бизди эч качан унутпайт.

Сиздерге ден соолук, бекемдик жана Кудайдын ырайым берүүсүн каалайм. Сиздердин ишенимиңиздер үчүн, Сиздердин тизе бүгүп сыйынууңуздар үчүн Покрова Божией Матери дайым бизди коргоп турат! Аминь”.

Сыйынуудан кийин владыка Даниил Покров храмынын жекшембилик мектебине барды. Мектептин имаратында анын тарбиялануучулары майрамдын урматына концерт көрсөтүштү.









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.