Орус Православ Чиркөөсүнүн Ыйык Синоду Константинополь Патриархаты менен мындан ары евхаристикалык байланыш мүмкүн эмес экенин тааныды

  16 октября 2018   На русском
Священный Синод Русской Православной Церкви признал невозможным дальнейшее пребывание в евхаристическом общении с Константинопольским Патриархатом

2018-жылдын 15-октябрында Минкс шаарында өткөн Орус Православ Чиркөөсүнүн Ыйык Синодунун отурумунда Орус Православ Чиркөөсүнүн канондук аймагына Константинополь Патриархаты тарабынан кол салынганына байланыштуу Билдирүү кабыл алынды.

Ыйык Синоддун мүчөлөрү Константинополь Патриархаты менен мындан ары евхаристикалык байланыш мүмкүн эмес экенин таанышты.

Билдирүүдө мындай деп айтылган: “Бөлүнүүчүлөрдү жана башка Поместтик Чиркөө тарабынан анафемага берилгендерди аларга кошулган "епископтор" жана "клириктер" менен бирге кабыл алуу, башка канондук үлүштөргө кол салуу, өзүнүн тарыхий чечимдеринен жана милдеттенмелеринен баш тартуу аракети – булардын баары Константинополь Патриархатын канондук талаанын чегинен сыртка чыгарды жана бизди катуу өкүнүүгө алып келе турган анын иерархтары, дин кызмачылары жана жашоочулары менен евхаристикалык мамилени токтотууга алып келди”.

“Мындан кийин жана Константинополь Патриархаты өзү кабыл алган канонго каршы чечимдеринен баш тартканга чейин Орус Православ Чиркөөсүнүн дин кызматчылары үчүн Константинополь Патриархатынын клириктери менен катар кызмат өтөө, ал эми тынч тургундар үчүн анын храмдарында таинстваларга катышуу мүмкүн эмес”, - деп айтылат документте.

Ыйык Синод ошондой эле Поместтик Православ Чиркөөлөрүнүн башчыларын жана Ыйык Синоддорун Константинополь Патриархатынын жогоруда аталган канонго каршы иш-аракетине татыктуу баа берүүгө жана Бирдиктүү Ыйык Собордук жана Апостолдук Чиркөөнүн денесин бөлүп-жарган эң татаал кризистен чыгуунун жолдорун бирге издөөгө чакырды.

Патриархия.ru




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.