Бишкек епархиясында “Кудай дүйнөсүнүн кооздугу” эл аралык балдардын чыгармачылыгынын конкурсунун биринчи региондук этабы өттү

  17 октября 2018   На русском
В Бишкекской епархии проведен первый региональный этап Международного конкурса детского творчества «Красота Божьего мира»

Преосвященнейший епископ Даниилдин батасы менен Бишкек жана Кыргызстан епархиясында  “Кудай дүйнөсүнүн кооздугу” эл аралык балдардын чыгармачылыгынын конкурсунун биринчи региондук этабы өттү. Конкурс өсүп бара жаткан муундарды православ маданиятына аралаштыруу, жаш таланттарды таап жана ачыкка чыгаруу, ошондой эле Кыргызстандын, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин балдары менен өспүрүмдөрүнө чыгармачылык баарлашуу үчүн аянт түзүп берүүгө багытталган.

Конкурска епархиянын жети жекшембилик мектептеринде окуган жаш сүрөтчүлөрдүн жүз беш эмгеги коюлду. Иштерге баа берүү үчүн түзүлгөн, башкаруучу архиерей жетектеген комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Шкурпела К. А., сүрөтчү жана Cambridge Silk Road Internataonal School эл аралык мектебинин жана Muse студиясынын окутуучусу долбоордук-менеджер Бочко М., ыйык тең апостол улуу князь Владимир мектебинин директору Аристова С.И. мүчө болушту.

Калыстардын чечими менен 28 иш тандалып алынды. Конкурстун бардык талаптарына жооп берген сүрөттөр Москвада, Орус Православ Чиркөөсүнүн синоддук билим берүү жана катехизация бөлүмүндө өтө турган конкурстун экинчи этабына катышат.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.