Ушул жылдын октябрында Чыгыш-Америка жана Нью-Йорк митрополити, чет өлкөдөгү Орус Православ Чиркөөсүнүн Первоиерархы, Улуу Урматтуу Илариондун батасы менен Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Чыгыш-Америка жана Нью-Йорк епархиясына бир туугандык сапары менен барды. Епископ Түндүк Американын ар башка шаарларындагы приходдордо болду.
Сапардын жыйынтыгында владыка Даниил епархиянын башкаруучу архиерейи жана ыйык Матрона Московская храмынын (Майами) башчысы архимандрит Александрга (Беля) сапардын жүрүшүндө камкордук менен көңүл бурганы үчүн чын дилден чыккан ыраазылыгын билдирүү менен жакшы каалоо-тилектерин жолдойт.