2018-жылдын 15-16-ноябрында Бишкекте, КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын “Энесай” мейман үйүндө “Ислам заманбап светтик мамлекетте” конференциясы өтүп жатат. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча комиссиясы уюштурган, Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу жана түздөн-түз катышуусу менен өтүп жатат.
Комиссиянын чакыруусу боюнча Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил конференциянын ишине катышты. Иш-чарага ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, дин, Азия, Африка, Европа жана Америка өлкөлөрүнөн келген радикализмди жана экстремизимди алдын алуу маселелери боюнча академиялык жана эксперттик коомдоштуктардын өкүлдөрү катышты.
Конференциянын максаты - актуалдуу маселелерди талкуулоо жана мусулман жамаатындагы мамилелерди гармониялаштыруунун жолдорун издөө, ошондой эле дин чөйрөсүндө демократиялык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча, радикализмдин алдын алуу жана экстремизмдин жайылышын токтотуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу.
Фото: president.kg / Султан Досалиев