Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда акын жана композитор протодиакон Николай Червондун чыгармачылык кечеси болду

  16 ноября 2018   На русском
В Свято-Воскресенском кафедральном соборе состоялся творческий вечер поэта и композитора протодиакона Николая Червона

2018-жылдын 15-январында Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун жыйындар залында акын жана композитор протодиакон Николай Червондун чыгармачылык кечеси болду.

Жолугушуунун башында протодиакон Николай залга чогулгандар менен саламдашыты жана бир аз мурдараакта епархиялык башкармалыктын кабылдамасында өткөн Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил менен болгон жолугушуу жөнүндө кыскача айтып берди.

Чыгармачылык кече эки бөлүктөн турду. Кеченин биринчи бөлүгүн бард жеке чыгармачылыгына арнады. Гитаранын коштоосу менен өзүнүн ырларын аткарып берди. Анын айтымында бул ырларды жазууга Евангелиенин, притчалардын, ыйыктардын жашоосунун эпизоддору жана албетте өзүнүн жеке тажрыйбасы өбөлгө болгон.

Жолугушуунун экинчи бөлүгүндө аткаруучу жолугушууга келген музыка сүйүүчүлөрдөн өткөн жылдардагы мыкты ырларды эске салууну сурады. Николай «Семнадцать мгновений весны», «В бой идут одни старики», «На семи ветрах», «Аты-баты, шли солдаты», «Истребители» көркөм тасмаларын коштогон, эл сүйгөн белгилүү ырларды аткарып берди.

Ырчы менен жолугушуу эки саатка созулду. Кеченин соңунда протодиакон Николай келгендерге чын дилден чыккан ыраазылыгын билдирип, келечекте мындай жолугушуулар тез-тезден болуп тураарына үмүттөнөөрүн билдирди.

Николай Червон Бишкекте бир күн болду. 16-ноябрда акын Алматы шаарына жөнөп кетти. Композитор-аткаруучу Казакстанда эки концерт берүүнү пландаган.









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.