Епископ Даниил Президент Жээнбеков Сооронбай Шариповичти туулган күнү менен куттуктады

  16 ноября 2018   На русском
Епископ Даниил поздравил Президента Жээнбекова Сооронбая Шариповича с днем рождения

Улуу Даражалуу, урматтуу Сооронбай Шарипович!

Кыргызстандын жалпы православ жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди туулган күнүңүз менен куттуктайм жана Сизге чың ден соолук, байгерчилик каалайм жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жооптуу кызматын аркалоого Сизге Кудайдан чексиз жардам берүүнү суранам.

Сиз өзүңүзгө мүнөздүү болгон жоопкерчилик сезими менен өзүңүзгө алган милдеттериңизди натыйжалуу аткарып келесиз. Сиз ак ниеттүүлүгүңүз жана адамдарга болгон камкор мамилеңиз менен калтын арасында, светтик чөйрөдө да, дин чөйрөсүндө да кадыр-баркка жана сый-урматка татыктуу болдуңуз.

Сизге Орус Православ Чиркөөсүнүн кызматына көңүл бурганыңыз, анын маанилүү демилгелерин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөткөнүңүз үчүн терең ыраазылык билдиребиз. Мындан ары дагы келечекте бай түшүмүн бере турган мамлекет-чиркөө жаратман кызматташуусу боло берет деп үмүттөнөбүз.

Кудай Сиздин Кыргыз элине өтөгөн кызматыңызга күч-кубат, чыдамдуулук жана көптөгөн ийгиликтерди берсин.

 

Терең урматтоо менен,

Даниил,

Бишкек жана Кыргызстан Епискобу




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.